// //

Неберелерин каралашкан чоң апалар жана чоң аталар көп жашашат! Илимий изилдөө

2019.12.10, 14:00
2147

Чоң апалар жана чоң аталар, неберелерге убакыт бөлүп, аларга кам көрүүнү унутпагыла. Анткени, бирге өткөргөн убакыт эки тарапка тең пайдалуу.

Evolution and Human Behavior журналында жарыяланган изилдөөгө Берлин шаарында жашаган, 70 жана андан жогору жаштагы 500 адам катышкан.

Изилдөөнүн соңунда окумуштуулар кызыктуу корутунду чыгарышкан. Көрсө, өзүнүн неберелерине каралашкан чоң апа, чоң аталар каралашпагандарга салыштырмалуу 20 жылга узагыраак жашашат экен.

Бул жакта өзгөчө белгилей кете турган нерсе, сөз маал-маалы менен небересине каралашкан абышка-кемпирлер туурасында айтылып жатат. Неберени багууда жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алган карыларга тиешеси жок.

Доктор Ронан Фактордун айтканына караганда, стрессти төмөндөтүү жана кичинекей балдарга кам көрүү экөөнүн ортосунда көзгө көрүнбөгөн байланыш бар. Ошондуктан балдарды ойнотуу, аларга бир нерсе үйрөтүү чоң аталар менен чоң апалардын жана неберелердин маанайын көтөрөт.

Ортодо түзүлгөн достук жана түшүнүшүү мамиле кары адамдарга физикалык жактан активдүү болуп, өздөрүн бактылуу сезүүгө мыкты өбөлгө түзөт. Ал эми кичинекей бөбөктөр үчүн да мындай карым-катнаштын орду чоң. Алар өздөрүн ишенимдүү сезип, эмоционалдык жактан туруктуу болушат.

Бирок эсиңерде болсун! Урматтуу жаштар, кары адамдарда силердей энергия жана ден соолук жок. Ошондуктан балдарды аларга калтырып,  неберелердин ден соолугу, тарбиясы, жашоосу үчүн жоопкерчиликти толугу менен аларга жүктөп салбаңыз. Ата-энеңизге күч келтирбеңиз.

Маалымат бул жерден алынды.

Балага тарбия берүү жөнүндө кызыктуу макалаларды бул жерден тапсаңыз болот:

Януш Корчак: Бала бул майрам, азырынча сенин колундагы майрам

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

Бала канчалык жаман окуса, аны ошончолук көп мактоо керек

Кыздарды тарбиялаган энелер кетирген 5 жанылыштык

Кайын атам өзүнүн эмес бакма небересин жакшы көрөт

Бул сөздөрдү эч качан балаңарга айтпагыла

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт