// //

“Внематочный” болуп калганыма күйөөм күнөөлүбү? Гинеколог жооп берет

2019.12.10, 11:13
3237

Саламатсызбы. “Внематочный” болуп калганга эмне себеп болот? Мени операция кылган врачтардан сурасам, сен таза экенсиң, күйөөңөн, деп коюшту. Күйөөмө айтсам, мойнума алам, мындан эки жыл мурун дарыланганымда уругуң кою болуп кетиптир, деп айтышкан деди. Урук коюланып кетсе “внематочный” болуп калабы? Жооп берип коюңузчу. Рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2019, 11:14

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Жатындан сырткары бойго бүтүп калуу (внематочная беременность) эркектин уругунун коюланып кетишине эч кандай тиешеси жок. Болгону эркек жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулар менен ооруса (гонорея, хламидин, ж.б), аялга да инфекция жугузат, бул анын ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Көпчүлүк учурда мындай оорулар жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калышына алып келет.

Ал эми бул вариантты жокко чыгара турган болсок, жатындан сырткары бойго бүтүп калуу толугу менен аялдын организминен көз каранды. Көбүн эсе бул жатын түтүктөрүндөгү (маточные трубы) сезгенүү процессинен улам келип чыгат.

Жатын түтүгүндөгү сезгенүү, түтүктөрдүн ичкертип, анын ички бетиндеги майда кылдардын ийкемдүү болбой калышына, же болбосо таптакыр түшүп калышына себепкер болот.

Дени сак аялдын түтүктөрүндөгү майда кылдар жумуртка клетканын жатынды көздөй жылышына жардам берет. Ошондуктан жумуртка клетка табияттын мыйзамына ылайык жатынга барып түшүп, ал жактан уруктанып, түйүлдүк пайда болот.

Ден соолукта болуңуз!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт