// //

Күйөөмдүн колу туткак, үйгө кенедей оокат калтырган жок. Психологдун кеңеши

2019.12.10, 10:32
1625

Саламатсызбы. Силерден кеңеш алайын дедим эле. Мен 34 жаштамын, турмушка чыкканыма 10 жылдан ашты, үч балам бар. Шаарда окуп иштеп жүргөм. Атам каза болгондуктан айылга, апамдын жанына баргам. Мени тааныбаган эле балдар ала качып кетишти. Апамдар “таш түшкөн жери оор болот”, деп мени отургузуп коюшкан.

Жолдошум ичкич болуп чыкты. Турмуш деген ушу турбайбы, деп жашай бердим. Кайын журтумдун колдоосу менен өз кесибим менен иштедим. Тапкан акчам менен кайын атамдардын кредитин төлөп, үйүн ремонт кылып, мал алып берип жүрдүм.

Күйөөм бир айда 20 эле күн соо жүрөт. Ичкени аз келгенсип, колу да туткак экен. Көтөргөн сумкам, кийген кофтам, шакегим, сөйкөлөрүм, деги койчу, эчтекесин жөн койбой сатып жиберет. Кышка деп камдаган салатыман, муздаткычта турган эттен өйдө уурдап чыгып, сатып салат.

Ичкенин койсун деп көп аракет кылдым: доктурга көрсөтүп дарылаттым, көзү ачыктарга алып бардым, алдап машине алып бердим. Аны мас болуп айдап алып, башканын машинесин сүзүп, ого бетер түйшүгүмө түйшүк кошту.

Арадан ушунча жыл кантип өтүп кеткенин байкабай калыпмын. Ушунчалык тажадым, кетип калгым келет. Кеңеш бергилечи, эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.12.2019, 10:33

Асель Баимбетова

Психолог

Мен сиздин катыңызды окуп, аябай боорум ооруп турат. Кете турган болсоңуз, алгач балдарыңызга караңыз. Алар бул нерсени кандай кабыл алышат? Сизди колдошобу, алардын тарбиясына терс таасирин тийгизип койбойбу? Турмушка чыкканыңызга 10 жылдан ашып калса, демек 2-3 жылдан кийин балдарыңыздын өспүрүм курагы башталат. Бул көрүнүштү да эске алыңыз.

Андан тышкары төркүнүңүз кандай? Бир туугандарыңыз, досторуңуз менен мамилеңиз жакшыбы? Эгер алар сизге колдоо көрсөтүп, колдон-буттан алып кетсе көп кыйналбайсыз. Алар менен да кеңешип, сүйлөшүп көрүңүз.

Мен бул никеден эмне таптым? Ушул адам мени эмнеси менен кармап турат? Ажыраша турган болсом, эмне табам, эмнеден кол жууйм?

Ушу суроолорду өзүңүзгө бериңиз.

Эгер эркин жашоодон коркпосоңуз, кыйынчылыктардын бардыгына туруштук берем десеңиз, анда сиздин ажырашууга укугуңуз бар.

Бактылуу болуу эч качан кеч эмес.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт