// //

Чехияда окуунун башкы артыкчылыгы, тилди мыкты билсең - окуу акысыз

2019.12.09, 16:49
2506

Орозали Алимбеков Чехияга кантип окууга тапшырып калганын жана ал жактагы студенттер үчүн түзүлгөн окуу шарттары тууралуу bilesinbi.kg’ге айтып берди. Учурда Орозали Чехиялык техникалык университетинин, машина куруу факультетинде 1-курста билим алып жатат.

Чехияга окууга тапшыруу үчүн маалыматты кайдан издөө керек?

Негизи Кыргызстанда Чехия тууралуу маалымат аз. Ошондуктан тааныштардан, же болбосо бул жакта окугандарга кайрылып, сурап-билип алган оң. Ошондой эле Прагадагы тил курстарынын саттайрына кирип, маалымат алса болот.

Чехия университеттерине өтүүнүн эң кыска жолу кайсы?

Тил курсуна келип бир жыл окуп, кийинки жылы университетке тапшыруу эң оңой жана ыңгайлуу жолу. Себеби, Кыргызстанда чех тилин үйрөткөн курстар жокко эсе. Бул тилдин грамматика менен жазуусу өтө кыйын. Онлайн өз алдынча үйрөнсө деле болот, бирок тиешелүү деңгээлге жетүү үчүн 2 жылдан ашык убакыт кетип калат.

Чехияда тил курсу канча турат?

Тил курсунун бир жылдык контрагы 3000-4000$ болот.

Чехиядагы университетке тапшыруу үчүн англис тилин билүү зарылбы?

Албетте англис тилин канчалык жакшы билсең ошончолук жакшы. Менин оюм боюнча intermediate жетиштүү.

Негизи, Чехиянын мамлекеттик университеттери чех тилинде окугандар үчүн билим берүү акысыз.

Ал эми анлис тилинде окуган студенттер жылына 5000 $ дан жогору контракт төлөшөт. Ошондуктан англис тилин мыкты билсе, менин пикирим боюнча, Чехияда окуунун зарылчылыгы жок. Анткени ошол эле акча менен башка мамлекеттерден да билим алууга болот.

Чехияга окууга тапшыруунун башкы артыкчылыгы чех тилин билсең жогорку билимди акысыз аласың. Бул жактын билим берүүсу сапаттуу. Окууну бүткөндөн кийин ишсиз калбайсың.

Чех тилинде бүтүргөн адистер жакшы жумуштарга кире алышат.

Бир жыл убакыт коротпойм дароо университетке тапшырам, дегендер кантишет?

Мектепти бүтүрүп дароо университетке тапшырса болот. Бирок окууга тапшыруу процесси узагыраак жана кыйын болуп калат. Кыргызстандын мектептеринин аттестаты Чехияда жараксыз. Себеби бул жакта мектеп окуучулары бир жыл ашык окушат. Ошондуктан – нострификация процессинен өтүү зарыл. Башкача айтканда, Чехиянын билим берүү министрлиги тарабынан документтердин таанылышы.

11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат + акыркы төрт жылда алган баалар, жана кайсы сабакты канча саат окугандыгы тууралуу малымкат керек. Анын бардыгын өзүң бүтүргөн мектептен алсаң болот.

Андан кийин университеттеги ар бир факултеттин өзүнүн тапшыруу экзамендери болот. Бардыгын ийгиликтүү тапшырсаң, окууга кабыл алынасың.

Чехия тарапка авиабилеттин баасы канча?

Орто эсеп менен - 200-250$.

Университетте студенттер үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

Чехияда жогорку окуу жайда билим алуунун шарттары абдан жакшы. Кредиттик система менен окутушат. Бул ар бир семестрде кредит топтоо керек дегенди билдирет. Мисалы бир сабактан 30 кредит берилсе, кийинки семестрге өтүү үчүн 15тен кем эмес чогултуу керек.

Университет студенттерге жатакана береби?

Ооба. Ар бир университеттин жатаканалары бар. Алар шаардын ар кайсы аймагында жайгашкан. Жатакана үчүн төлөнүүчү акы 100-150$.

Студенттерге стипендия берилеби?

Ооба. Стипендия 2-3 айда бир берилет. Жакшы окугандарга 100-150$ доллар төлөнөт. Ошону менен жатаканага кете турган чыгашаңды жаап алсаң болот.

Студенттердин бир айлык чыгашасы канча?

Орто эсеп менен 300-350$. Бул акча жашоого, тамак ашыңа, жол киреге кеңири жетет. Студенттерге иштегенге да уруксат берилет. Мисалы, жумасына 2 күн иштей турган иш таап алсаң, бир айлык акчаңды камдап аласың. Андан тышкары каникул учурунда 1000-1200$га чейин иштеп тапса болот.

Чехиянын аба ырайы кандай?

Бул жакта жайы ысык, кышы жылуу. Эң суук болгону 10-15 градус. Климаты жаанчыл.  

Тамак ашы кандай?

Чехтердин көпчүлүгү чочконун этин жешет. Ошондуктан тамагыбызды өзүбүз жасап жейбиз. Азык-түлүк арзан, кенен, каалаганыңды тапсаң болот. Биз арабадардын дүкөнүнөн эт алып, үйдөн бышырып жейбиз. Кээде ошол эле араб кафеге же түрктөрдүн, өзбектердин кафелерине барып тамактанабыз.

Чехиянын эли кандай?

Жергиликтүү эл абдан толеранттуу. Чет өлкөлүк студенттерге мамилеси түз. Эч ким эч кимди кемсинтпейт. Бул боюнча такыр көйгөй жаралбайт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт