Акыркы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүккө алмаштыруу үчүн канча сом керек?
2019.12.09, 12:45
971
Саламатсызбы. Айдоочулук күбөлүгүмдү акыркы үлгүдөгү күбөлүккө алмаштырсам болобу? Наркы канча сом?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2019, 12:46
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы окурман. Учурда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн так баасы канча боло тургандыгы чечиле элек. Болжол менен 600-700 сомдун тегерегинде болот. Мурун 1500 сом болчу. Буюрса ага салыштырмалуу эки эсе арзан түшөт.
Жаңы күбөлүктөр ID карта сыяктуу болот, ошондуктан арыз жагандан кийин 12 иш күндүн ичинде жасалат.
0
Пайдалуу жооп