// //

15 жаш улуу байке материалдык жактан камсыздайт. Кантип андан кетем?

2019.12.09, 11:20
1863

Саламатсызбы! Үч күйөөдөн чыктым. Балким өзүм күнөөлүдүрмүн же тагдырдын жазганы ушундай. Үч күйөөм тең бири-бирине окшош чыкты. Баары тең арак ичет.

Мен болсо 30 жаштамын. Өзүм түз жүргөн, тартиптүү эле аялмын. Иним, эжелерим менен чогу турам. Бирок бир жылдан бери жалкоолук басты да калды.

Бир жолу менден 15 жаш улуу байке менен таанышып калдым. Ал бойдок, ажырашып кетиптир. Квартирада жалгыз жашайт, жакшы акча табат, өзүн эч нерседен кем кылбай карайт. Ал менен чогу жашабайм. Күндүзү үйүндө болуп, кечинде өзүмдүн үйүмө кетем. Ал адам мага керектүүнүн баарын алып берет, керек болсо айылдагы кызыма чейин камсыз кылат. Ага көнүп алгангабы такыр иштегим келбейт. Бирок ага турмушка чыкпаарымды айтам, чыккым да келбейт. Себеби ата-энемдин, туугандарымдын алдында улуу адамга турмушка чыгып алыптыр деген сөзгө калгым келбейт. Анан да ага деген сезимим жок, бирге кантип жашамак элем.

Кантип өзүмдү колго алып, андан кетип иштеп кете алам? Эмне кылсам болот? Рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.12.2019, 11:20

Ширин Амантурова

Психолог

Саламатсызбы!

Кандай максат менен турмушка чыкканга шашылчу элеңиз? Азыркы адам менен кандай максатта мамиле куруп жатасыз? Сизди материалдык жактан камсыздап жатканы үчүнбү? Ал адам жок болсо эмне кылмаксыз? Мына ушул суроолорго жооп тапсаңыз, жүрөк өйүткөн көйгөйлөрүңүз чечилмек.

Мүмкүн жаш өзгөчөлүгүн актануу үчүн гана айтып жатасыз. Сизге ушундай нуктагы мамиле ыңгайлуу болуп жаткандыр. Ага турмушка чыкпаарыңызды айтсаңыз кандай реакция кылат? Же ал деле бул темага көңүл кош мамиле кылабы?

Айтыңызчы, өзүңүз иштеп акча тапканга кайсы факторлор тоскоол болуп жатат? Жалкоолукпу? Ажырашууларбы? Же бекер акчага көнүп калгандыкпы?

Ал адам жок кезде деле иштеп, акча таап жашагансыз да. Аракет кылып жашооңузга, кылып жаткан иштериңизге, мамилеңизге анализ жүргүзүп көрүңүз. Бактылуу болуп жашап кетүү же бактысыз бойдон калуу сизден гана көз каранды. Андыктан көздү ачып, аракет кылыңыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт