Кайын энем балдарга “доом жок” арызын жазып бер деп жатат. Бул эмнени билдирет?
2019.12.06, 10:46
1391
Күйөөм менен сот аркылуу ажырашып жатабыз. Ортодо 2 балабыз бар. Балдарым кайын эне, кайын атамдардын колунда. Кайын энем балдарга “доом жок” деген арыз жазып, нотариуска күбөлөндүрүп бер деп жатат. Бул эмнени билдирет? Эгер андай кылсам, балдардан баш тарткан болуп каламынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.12.2019, 10:47
Эрикнгүл Шаршенбекова
Адвокат
Урматтуу айым, бул арыздын мааниси өтө чоң, керек болсо анын негизинде кайын ата, кайын энеңиз сизди ата-энелик укуктан ажыратып кое алышат. Менин тажрыйбамда мындай окуялар болгон. Ошондуктан эмненин негизинде андай арызды жазып берүүнү талап кылып жатышканы белгисиз.
Эгер балдарды карабайм, кийин талашпайм десеңиз, анда жазып берсеңиз болот.
0
Пайдалуу жооп