// //

Машыктыруучу Нурсултан Эргешевден 7 кеңеш

2019.11.27, 16:14
3381

“Change Fitness" фитнес клубунун машыктыруучусу Нурсултан Эргешев Bilesinbi.kg’де  конокто болуп, өз кеңештери менен бөлүштү.

1. Сөзсүз разминкадан баштаңыз

Спорттун кайсы гана түрү менен машыкпаңыз, эң биринчи муундарды жибитип алуу үчүн жакшы разминкадан баштоо керек. Бул нерсени эч качан эсиңизден чыгарбаңыз.

2. Дененин бир бөлүгүнө гана басым жасоо туура эмес

Кээ бир адамдар денесинин белгилүү бир бөлүгүнөн, мисалы, курсагынан гана арылууну каалап, ошол зонасына көнүгүү жасайт. Бул туура эмес! Тең салмактуулук сакталышы керек. Бир эле жерге басым жасоо аркылуу жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес.

3. Көнүгүү жасоо менен чектелбеш керек

Эгер машыгууларыңыздын жыйынтыгын көргүңүз келсе, спорт менен машыгуу жетишсиздик кылат. Сөзсүз туура тамактануу, эс алуу жана уктоо режимин сактоо абзел. Булардын баары тең салмакта болгондо гана мээнетиңиздин акыбети кайтат.   

4. Тамакты аз жегенден пайда жок

Айрымдар арыктоо үчүн тамакты аз жеш керек деп, күнүнө бир жолу тамактанышат. Жыйынтыгында, ашказан жана башка ооруларга чалдыгып, азап тартышат. Туурасы, күнүнө төрт-беш ирет, бөлүп-бөлүп жеп туруу. Бул жерде эмне жеп жатканыңыз да маанилүү. Мындайча айтканда, туура тамактануу менен спортту айкалыштыруу зарыл.

5. Бир айда жыйынтыкка жетем дегендер үчүн

Ар бир адам уникалдуу. Бирөө бир айда арыктаса, экинчиси эки-үч килограмм гана ташташы мүмкүн. Бул жерде адам өзүн анализдеп чыгышы керек. Мисалы, машыгып баштаганда, туура тамактанып, уктоо режимин сактайсыз Бир жумадан кийин күзгүдөн жыйынтыктар байкала баштаса, анда туура жолдо бараткан болосуз. Болбосо, машыктыруучудан кеңеш алуу сунушталат. Ооба, бир айда жыйынтыкка жеткендер бар, бирок ал адам кадимки режимине кайтып келгенде, кайра салмагы эки эселеп кошулуп же ооруп калышы мүмкүн. Ошондуктан, ар дайым спорт менен машыгып, тонуста болуу абзел.

6. Ашыкча салмакты генетика менен байланыштыруу – бул жоопкерчиликтен качуу

Баары адамдан көз каранды. Каалоосу күчтүү болуп, алдыга максат коюп, аны ишке ашырууга аракет кылса, бүт нерсеге жете алат. Ооба, генетика кандайдыр бир өлчөмдө роль ойнойт, бирок бул нерсе өтө маанилүү эмес. Өзгөрүү бир гана сиздин колубузда.

7. Эртең менен жана кечинде машыгуунун айырмасы жок

Ар бирөө өзүнө ылайыктуу келген убакытты тандап алышы керек. Мисалы, кээ бирөөнүн организми эртең мененки, айрымдардыкы кечки режимге көнүп калган болушу мүмкүн. Кайсы гана убакта болбосун, ошол режимди үзгүлтүксүз жана белгилүү бир тартипте кармоо абзел.  

Спорт менен машыгуу - ден соолукка инвестиция жасоо!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт