Турмушка чыккандан кийин тез-тез дааратканага барчу болдум. Гинеколог жооп берет
Турмушка чыккандан кийин тез-тез дааратканага барчу болдум. Цистит эмеспи, деп гинекологго кайрылып, УЗИге түшүп, анализ тапшырдым. Доктур анализдериң жакшы чыкты, деп дары-дармек жазган жок.
Эки-үч күн жыныстык катнаш болбосун өзү өтүп кетет, деп койду. Күйөөгө тийгениме төрт ай болуп калды, кайра эле тез-тез барып жатам. Себеби эмне?
Раушан Джумагулова
“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог
Саламатчылык. Сиз айтып жаткан симптомдор циститттин клиникалык белгилери. Сөзсүз кайрадан анализ тапшырыңыз. Зааранын бактериологиялык анализин (бакпосев) жүргүзүү зарыл. Бул анализ өтө так натыйжаны корсөтөт.
Төмөнкү белгилер болгондо милдеттүү түрдө гинекологго кайрылуу керек:
- улам-улам заара кылгың келет, бирок аз эле чыгат;
- заара кылганда ачышып, оорутат;
- зааранын курамында кан бар;
- зааранын өңү бозомтук, жыты ачуу, жагымсыз;
- дененин табы көтөрүлгөндө.
Эгер цистит 10 күндөн ашык убакытка чейин созулса, инфекция бөйрөккө өтүп, пиелонефрит оорусуна алып келет. Ал эми бул өтө кооптуу диагноз. Келечекте кош бойлуулукка терс таасирин тийгизип коет. Эртелеп дарыланыңыз.
Ден соолукта болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.