Күйөөм “сени менен да жашайм, муну менен да жашайм” деп жатат
Саламатсызбы. Менин 3 уулум бар. Төртүнчүсү менен кош бойлуумун. Жумушуман чакырышканынан Россияга келе бергем. Күйөөм артыман келмек болчу. Кыргызстанда өзүнө ойнош таап алыптыр. Ал кыз эмне деп башын айландырган билбейм, айтор аны бул жака ээрчитип келиптир. Эми мага “сени менен да жашайм, бул менен да жашайм” деп жатат.
Сураныч, кеңеш бериңизчи? Кандай айла кылсам болот? Балдарымды жетим калтырбай күрөшөйүн.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Эркек киши өзүнө ойнош тапканда, бул биринчи кезекте анын кандай инсан экенин көрсөтүп турат. Башка аял анын башын айландырып алды, деп ой жүгүртүү абдан ыңгайлуу позиция, бирок жаңылыштык.
Ишенип коюңуз, аны менен эч ким, эч нерсе кылган эмес. Бул анын жеке чечими, жеке жоопкерчилиги. Төрт балалуу болгонуна карабай туруп, ойнош күткөнү, анын тандоосу.
Ажырашуу балдарды жетим калды дегенди билдирбейт. Сиз ажырашкандан кийин күйөөңүз каза болуп калбайт да. Туурабы? Ажырашуу – бул аял менен эркектин ортосундагы мамиленин токтотулушу. Ажырашуу эркектин өз балдары алдындагы милдеттеринен бошотпойт. Балдардын энеси менен бирге жашабай калган күндө да, алардын жашоосуна толугу менен катышууга милдеттүү жана акылуу.
Мындай учурда кандай кыла турганыңызды өзүңүз чечиңиз. Эгер күйөөңүз сизге койгон шарттар жакпай жатса, аны менен макул болбой, ойношун кабыл албай койгонго толук акыңыз бар.
Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.