Төрт жаштагы баланын чочосу эмне себептен туруп калышы мүмкүн?
Саламатсызбы. Балам төрт жашта, чочосунун туруп калганы эмне себептен? Сүннөткө отургузула элек болгонуна байланыштуубу?
Азис Элгондиев
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын балдар хирургу
Ооба, сүннөткө отургузула элек болгонуна да байланыштуу болушу мүмкүн. Негизи эркек баланын чочосу кенедей кезинен эле эррекция боло баштайт. Эртең менен, же колу тийип кеткенде туруп, анан кайра бат эле түшүп калса – бул нормалдуу. Кам саноонун зарылчылыгы жок. Бул баланын жыныстык органы туура өнүгүп жаткандан кабар берет.
Ал эми көңүл бөлүү керек, эгер:
- өтө узак убакытка чейин туруп калса;
- аябай оорутуп, бала ыйласа;
- баланын чочосунан ириң акса, жагымсыз жыттанса, кан бөлүнсө;
- бала шалдырап, алы кетсе.
Жогорудагы симптомдо байкалса дароо дарыгерге кайрылгыла.
Баланын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.