"Тиричилик насыясын" кантип алса болот? "Айыл Банктан" керектөө кредиттери
“Айыл Банк” ААКтын Бишкек филиалынын кредит берүү бөлүмүнүн жетекчи адиси Айдай Алимбек кызы керектөө кредити "Тиричилик насыясы" тууралуу айтып берди.
"Айыл Банк" АККта ар кандай багыттагы кырктан ашуунун насыянын түрлөрү бар. Алардын ичинде калк үчүн керектөө кредити "Тиричилик насыясы" жана аны алуу шарттары тууралуу төмөндөн окуй аласыз.
"Тиричилик насыясын" кимдер алалат?
Туруктуу киреше булагы жана менчигинде олуттуу активдери бар Кыргыз Республикасынын жарандары жана жеке адамдар алалат.
Кредит кандай максаттар үчүн берилет?
Насыяны коммерциялык ишмердүүлүккө байланышпаган, өзүнүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алса болот. Мисалы, кыймылдуу мүлктү сатып алууга, турак жайдын оңдоо иштерин жүргүзүүгө, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүгө, окуу акысын төлөөгө, дарыланууга жана эс алууга ж.б.
Насыянын суммасы канча?
Эң минималдуу сумма 10 000 сомдон башталат жана 2 500 000 сомго чейин алса болот. Жылдык пайызы - миллион сомго чейин 22%, андан жогору 21%. Кредиттин мөөнөтү 3 жыл.
Кепилдик берүүчү керекпи?
100 миң сомго чейин насыя алганда бир кепилдик берүүчү, 150 миң сомго чейин бир кепилдик берүүчү жана кыймылдуу мүлк талап кылынат. 150 миңден жогору сумма болсо, кыймылсыз мүлк керек болот.
Кандай документтерди чогултуу зарыл?
Паспорт, жашаган жеринен маалымкат жана киреше булагын тастыктаган документ, мисалы, иштеген жеринен акыркы алты же он эки айдын эмгек акысы тууралуу маалымкат.
Кененирээк миаалымат алуу үчун бул жерди басыңыз.