// //

Эмгек акымды бербегени үчүн буюмун уурдап кеткем. Мен күнөө кылдымбы?

2019.11.20, 11:33
1330

Иштеген жерибизге көп материал келип аябай чарчап ташыганбыз. Бизге ошонун акысын бербей койгону үчүн бир нерсесин уурдап кетип калгам. Мен күнөө кылдымбы? Динибиз буга эмне дейт?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.11.2019, 11:35

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси 

Бул жерде эки маселе бар. Бир адамды иштетип, эмгек акысын бербей коюу күнөө. Пайгамбарыбыз, "бир кызматкерди жалдап иштетсең, ошонун тери кургагыча акысын бер",- деп айткан. Мунун мааниси: ошончолук анын акысын кечиктирбе, кармап турба, жумушуңду жасап бүттүбү, дароо бер деген сөз.

Динде эки принцип бар. Кудай менен пенденин ортосунда болгон акы жана милдеттер, кудай талаа ырайым кылса, аны кечирет. Ал эми пенделердин ортосундагы мамиледе өтө кылдат болуш керек, алды же берди так болуу зарыл. 

Бирөөнүн макулдугу жок эле буюмун уурдап  же тартып алуу бул күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан, иштеп бүткөндөн кийин акыны талап кылыш керек. Макул болбосо, тиешелүү органдарга кайрылып, маселени мыйзам чегинде чечүү абзел. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт