Бир айдан бери эмгек акымды алалбай жатам. Эмне кылсам болот?
Мен Бишкек шаарындагы базардын биринде, ашканада идиш жууп иштейм. Оозеки түрдө келишим түзгөнбүз, күнүнө 400 сом төлөп бермек. Башында эки жума төлөдү, андан бери бир ай өттү, акчамды бербей жатат. Кантип алсам болот? үйдө жалгыз мен эле иштейм, апам экинчи топтогу майып, эки иним бар.
Бакытбек Жолчуев
Мамэкотехинспекциянын эмгекти жана эмгек мамилелерин коргоо бөлүмүнүн башчысы
Саламатсызбы! Жаңы жумушка кирип жатканда сөзсүз түрдө эмгек келишимин түзүңүз. Эгерде эмгек келишимиңиз жок болсо, сизге чындыгында эле ал жерде иштегениңизди тастыктоо кыйынга турат. Бир-эки ай иштей турган болсоңуз ыкчам келишим деген нерсе бар. Белгиленген күнү айлыгыңызды албасаңыз, иштеген мекемеңиздин жетекчилигине арыз жазыңыз. Арызда маселеңиз чечилбесе, тийиштүү органдарга кайрылаарыңызды айтыңыз. “Билгениңди кыл”,- деп койсо арызыңызды көтөрүп алып Мамэкотехинспексияга кайрылыңыз.
Биздин дарек: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 (ар бир региондо башкармалыктары бар)
Электрондук дарек: getiserver@mail.ru
Пресс-секретарь:+996 (312) 56-48-15
Коомдук кабылдама: +996 (312) 56-30-27
Жалпы бөлүм: +996 (312) 56-28-31.