// //

Бир жылдык стаж менен мугалим болуп иштесе болобу?

2019.11.20, 09:58
2454

Саламатсызбы! Адистигим боюнча кыргыз тилчимин. Бир жылдык стажым бар. 2018-2019-жылдары мектепте иштегем. Быйыл бишкек шаарындагы мектептерге кирүү үчүн вакансиялар бар мектептерге барсам, директорго киргизбей,  "бир жыл стаж менен болбойт" деп кабылдамадан эле кетирип жатышат. Мен жумушка кириш үчүн кимге кайрылышым керек? 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.11.2019, 10:01

КРнын Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы

Саламатсызбы! Жумуш маселеси боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгына кайрылып көрсөңүз болот. Ошондой эле, сиздин адистик боюнча ачык вакансиялары бар мектептерге резюмеңизди таштаңыз. Бир жыл стаж менен мугалим болуп иштей албайт деген туура эмес маалымат. Бул мөөнөттөгү стажыңыз менен эч тоскоолдуксуз эмгектене аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт