Жылаңач кыздардын сүрөтүн көрсөм дүүлүгөм. Бул нормалдуубу?
2019.11.19, 13:49
2173
Мен 26 жаштамын. Үйлөнгөн эмесмин. Ден соолугум чың. Кинодон же сүрөттөрдөн жылаңач кыздарды көрсөм, секс тууралуу окусам, ойлонсом, мүчөм дүүлүгүп, суюктук агып калат. Бул оорубу? Же бойдокчулук кездеги көрүнүшпү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.11.2019, 13:49
Азат Бейшенов
Уролог
Сизде болуп жаткан нерсе поллюция деп аталат, кыргызчасы түшүркөп калуу. Бул өспүрүм балдарда эле эмес, бардык курактагы эркектерде болот.
Поллюция - бул жыныстык органды стимуляция кылбаган учурда күндүз же түнкүсүн болгон, контролго алынбаган эякуляция.
80% эркектер поллюцияга туш болушат.
Поллюциянын пайда болушунун негизги себептери:
- жыныстык катнаштын жоктугу;
- тездетилген сперматогенез (сперманын пайда болуу жана жетилүү процесси);
- эротикалык түштөр;
- кино көрүүдөн, же башка себептен улам дүүлдүгүү.
Поллюция оору эмес, бул нормалдуу нерсе.
Ден соолукта болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
0
Пайдалуу жооп