Күйөөм кызымды көрсөтпөй жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Бир жыл мурун жолдошум менен ажырашып кеткем. Ортодо бир кызыбыз бар. Райондук жана облустук сот кызымды менде болот деп чечкен. Ал эми Бишкектеги жогорку сот кызымдын мени менен жашай турганын жана жолдошумдун арызын четке кагып койду. Эмне кылсам болот? Азыр кызым атасынын колунда. Көрө элегиме бир жыл болду. Атасы мага такыр көрсөтпөй жатат. Кызымды аябай сагындым. Эмчек эмизип жаткан кезимде алып кетишкен. Үйүнө барсам күйөөм РИИБге арыз жазып жатат.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Эгер энелик укугунан ажыратылган эмес болсоңуз, анда балаңызды көрүүгө жана аны менен чогуу болууга толук укугуңуз бар. Биринчи кезекте жолдошуңуз жашаган аймактагы соцалдык коргоо үйүнүн балдарды коргоо бөлүмүнө, баланызды көрсөтпөй жаткандыгы жөнүндө арыз менен кайрылыңыз. Сиздин кайрылууңуз боюнча алар кызыңызды көрсөтпөй жаткан адамдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Эгер бул иштер натыйжа бербесе, анда алар сизге кагаз түрүндө сотко кайрылууңуз керектиги жөнүндө жооп беришет. Сиз ал кагазды алып, сотко доо арыз менен кайрыласыз. Bilesinbi.kg редакциясынан менин номеримди алсаңыз, сизге жардам берүүгө аракет кыламын.