Чет өлкөнүн жарандары Кыргызстандан үй сатып алалабы?
2019.11.18, 10:15
772
Саламатсызбы! Учурда Кыргызстандын жаранымын, жакынкы убакта жарандыгымды алмаштырайын деп жатам. Буйруса Кыргызстандан үй алсак деген пландарыбыз бар. Эгер жолдошум экөөбүз тең башка мамлекеттин жараны болсок, Кыргызстандан үй сатып алып, өзүбүзгө жаздыра алабызбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.11.2019, 10:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Саламатсызбы! Албетте, үй сатып алып, өзүңөргө каттатсаңар болот. Кыргыз Республикасында бардык адамдарга жеке менчик алуу укугу берилген жана ал кол тийгиз болуп эсептелет. Ошондуктан, эч кабатыр болбой, үй сатып ала бериңиз.
0
Пайдалуу жооп