// //

Жумушуман чочконун этин колум менен кармоого туура келет. Эмне кылсам болот?

2019.11.18, 10:05
1043

Саламатсызбы! Мен Москвада кемпир багып иштейм. Ал чочконун этин жейт. Мага кол кап кийгиздирбейт, этти колум менен кармайм. Бирок, кудайдан кечирим сурап турам. Эмне кылсам болот? Жумушуман жакшы табам. 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
18.11.2019, 10:06

Бактияр Токтогазы уулу

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын фатва бөлүмүнүн адиси 

Саламатсызбы! Ал адам башка диндин өкүлү, сиз ага кызмат кылып жаткандан кийин бул жерде эч кандай кооптуу нерсе жок. Сиз болгону этти кармагандан кийин колуңузду таза жууп, ал тамакты жебеңиз. Эң негизгиси өз диниңизди карманып, өзүңүздү туура алып жүрүңүз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт