// //

Уулду болгум келип кыздарыма жакшынакай ат койбогонум үчүн өкүнөм

2019.11.17, 18:11
21740

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Өзүңөрдүн атыңар эркектики! Бар жоголгулачы! Апама айтам азыр!”. Үйдүн сыртында жүргөм. Кызымдын үнүн угуп дарбаза жакка бастым. Эшикти ачсам төрт-беш бала качып кетти. Кызым ыйлап алыптыр.

- Ким алар? Эч нерсе кылган жокпу?

- Жок!

- Анан эмне ыйлап жатасың! Сабагың бүттүбү, кир үйгө!

- Ата, эмнеге менин атым Уулкелсин? Мен Арууке болгум келет!

Эмне дешти билбей калдым. Кызымдан бул сөздү угууга даяр эмес элем. “Неме, неме” деген боюнча башымды тырмап туруп калдым. Кызым басып кетти.

- Күн сайын классташтары шылдыңдайт экен.

- Эжесине барып айт да.

- Эгер ат коюуда менин сунушума макул болсоң, булардын баары болбойт эле.

- Эми мен күнөөлүү болуп калдымбы?

- Кызың мектепке барбайм дейт. Бар, өзүң сүйлөш.

Мырзайым, Уулжан, Уулкан, Уулкелсин. Төрт кызым бар. Досторумун сөзүнө арданып, уулду болоюн деп ырым-жырымга ишенип, ушундай ат кое бергем. Кыздарымды чанганым үчүн өкүнөм.

Мендей акылсызга төрт акылдуу перини берген кудайыма ыраазымын. Уктап калсам үстүмө жаап коюшат. Оорусам шорпо бышырып беришет. Жакшы окушат. Баары күйүмдүү. Айтоор, мени сүйүнткөндөн башка эч нерсе кылышпайт. А мен мыкты ата боло албадым.

Дос-туугандардын сөзүнө кирип, “качан уул төрөп бересиң”, - деп аялымды көп жолу таарынттым. Үчүнчү ирет кыздуу болгондо төрөтканага барбай да койгом. Өзүмдүн кур намысымды ойлоп эң жакын адамдарымдын көңүлүн ооруттум. Эмне мынча акылсызмын!

- Кызым, мектепке барбайсыңбы?

- Ооба, алар мени ар дайым шылдыңдашат.

- Эртең эжең менен сүйлөшөм.

- Баары бир шылдыңдашат. Мектепке барбайм.

- Эжеңдер жакшынакай эле болуп барып жатпайбы.

- Аларды деле шылдыңдашат. Болгону сизге айтышпайт.

- Эмне дешет?

- Атаң сени жаман көрөт, эркек балалуу болгусу келгени үчүн атың ушундай...

- Калп айтышат! Мен сени баарынан жакшы көрөм. Атаң акылсыз эми акылына келди. Айтчы кызым, ким болгуң келет?

- Арууке.

- Анда атыңды Арууке кылып өзгөртөбүз.

- Ураа!

Бойтойгон колдору менен кучактап, бетимден өөп жатты. Мен канчалык бактылуу экенимди кеч түшүндүм.

Төртөөнү удаасынан төрөп, ден соолугунан ажыраган аялыма бир да жолу рахмат айткан эмесмин. Калп эле төшүмдү каккылай бердим. Ата деген үй-бүлөсүн коргойт. Мен үйүмө башкалардын ачуу сөздөрүн киргиздим. Эми өзгөрөм. Каталарымды оңдойм. Кыздарымдын көз жашын агызбайм. Эмне десеңер ошо дегиле. Мен кыздарыма татыктуу ата болом. Мен чыныгы эркек болом.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Мурунку жигитим күйөөңдү ташта, эки балаң менен өзүм багып алам дейт

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт