ТОП 5 iPhone үчүн пайдалуу тиркеме
Bilesinbi.kg iPhone үчүн акысыз тиркемелерди тизмектеп чыкты. Колдонмолор менен таанышып, өзүңүзгө пайдалуу бирөөсүн жүктөп алыңыз.
1. Wunderlist
Apple iPhone үчүн мыкты органайзерлердин бири. Анын жардамы менен жумуш убактысын пландап, алдыга максаттарды коюп, аткара турган иштерди тизмектеп чыкса болот.
Каттоону жана сыр сөздү талап кылган онлайн сервистерди жана тиркемелерди колдонгондор үчүн орду толгус программа. LastPass Password Manager - сыр сөздөрдү эстөө зарылчылыгынан арылтып, аларды коопсуз кылып сактап берет.
3. Shazam
Элестетиңиз, машинада радио угуп баратасыз, кокустан бир композиция жагып калды. Ким ырдап жатканын билбейсиз. Дароо ошол учурда Shazam тиркемесин жандырып койсоңуз, программа ырдын аталышын жана аткаруучусун аныктап берет.
4. Overcast
Apple iPhone үчүн популярдуу подкаст-менеджер. Функциялары абдан жөнөкөй, колдонуу оңой жана жагымдуу.
Жумуш контактарыңыз аябай көппү? Contacts Journal CRM - бизнес-органайзер керектүү контактарды топторго бөлүп, колдонууга ыңгайлуу кылып берет. Мындан тышкары, аткара турган жумуштардын тизмегин түзүү мүмкүнчүлүгү бар.