Сүйгөн адамымды кантип унутсам болот? Жардам бериңиздерчи
Сүйгөн адамымды кантип унутсам болот? Телефон номерин, социалдык тармактарын, сүрөттөрүн өчүрдүм. Бирок жүрөгүмдөн өчүрө албай жатам. Жашым 27ге келип калды. Башка адам менен мамиле курмак тургай, көңүл да бура албай калдым. Жардам бериңизчи...
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Ооба, жашооңдун бир бөлүгү болуп калган жакын адамды унутуш оңойго турбайт. Ал адамсыз жаңы жашоо, кадам баштоо үчүн убакыт жана адам өзү моралдык жактан даяр болушу зарыл.
Сиздин унута албай жатканыңызга караганда жашооңуздагы ээлеген орду чоң экен. Башка жигиттер менен таанышканга эмне себеп болуп жатат? Сиз менен таанышууга аракеттер болсо да, мүмкүн каршылык көрсөтүп жатасыз.
Бирөө үчүн өзүңүздү эч качан курмандыкка чалбаңыз. Жигитиңиз экөөңүздүн мамиле болбой калды, эч нерсе эмес, мамиле ошентип куралат. Бул да болсо жашооңуздагы бирден бир сабак. Кейип-кепчип жата берсеңиз, келе турчу бакытты да учуруп жиберишиңиз мүмкүн. Жашоо ошонусу менен кызык. Сиз чындыкты, экөөңөрдүн жолуңар бир болбой калганын кабыл алгыңыз келбей жатат.
Жигитиңизди унутуш үчүн мамиле курбай, жүрөгүңүздү угуп, таанышып мамиле куруңуз демекчимин.
Түйгөйүңүздү жоолуктуруп бактылуу болууга татыктуусуз!
Кааласаңыз психологдун консультациясын алыңыз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.