Тамагы ооруп жаткан ымыркайга койдун майын берсе болобу?
2019.11.15, 15:46
2362
Саламатсызбы! Бир айлык наристеге койдун майын берсе болобу? Тамагы ооруп жатат. Кандайдыр бир пайдасы барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.11.2019, 15:48
Динара Кабаева
Балдар пульмонологу
Койдун майынын эч кандай пайдасы жок. Балага койдун майын сүйкөбөш керек. Себеби, андан да жаман таасир болуп, температураны пайда кылышы мүмкүн. Койдун майын ымыркайларга ичирүү да чоң ката. Анткени алардын боору майды көтөрө албайт. Балаңар ооруп калдыбы, дароо бейтапканага алып баргыла. Себебин билбей туруп өз алдынча дарылоо ден соолукка кооптуу.
Балаңыздын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылгыла!
0
Пайдалуу жооп