// //

Жолдошум Россияда иштесе деле алимент төлөөгө милдеттүүбү? Адвокат жооп берет

2019.11.15, 11:56
1319

Саламатсызбы. Менин суроом төмөндөгүчө. Жолдошум менен ажырашканы жататбыз, ортобузда бала бар. Кызым 1 жаш 2 ай болуп калды. Жолдошум Москвада фирмалардын биринде иштейт, айлыгы 45 000. Алиментке канча пайызы бөлүнөт. Россияда болсо деле алимент төлөөгө милдеттүүбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.11.2019, 11:56

Ширин Алмазова

“Линия защиты” коомунун адиси, авдокат

Саламатчылык. Алиментке жолдошуңуз тапкан кирешенин ¼ бөлүгү төлөнөт. Бул бардык кирешенин 25%ы дегенди билдирет.

1993-жылы Минск шаарында жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жана укуктук мамилелер боюнча конвенция кабыл алынган.

Ал конвенцияга ылайык Кыргыз Республикасынын соту чыгарган чечим Россия Федерациясынын аймагында да күчүнө ээ.

Демек, алимент өндүрүү тууралуу соттун чечими чыкса, жолдошуңуз Москвада болсо да айлыгынын ¼ бөлүгүн алимент катары төлөп берүүгө милдеттендирилет.

Ийгилик.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
15.11.2019, 12:03

Ажырашпаганга аракет кылгыла... 

0
Пайдалуу жооп
Б
Бегимай
15.11.2019, 12:12

Жолдошунуз 45000мин алса ,12 Минди сизге алимент катары толойт,бирок азыр копчулугу айлыгын азайтып же жумушсуз деп жаздырып, жоопкерчиликтен качууда

0
Пайдалуу жооп
15.11.2019, 15:56

а башка олколорчу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт