Жигитим акыркы кезде мага убакыт бөлбөй, телефон чалбай калды
Саламатсызбы. Эки жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитим бар. Бири-бирибизди аябай жакшы түшүнөбүз. Бирок акыркы убактарда экөөбүз тең мамилебизге убакыт бөлбөй телефон чалбай калдык. Мындай көрүнүш көп кайталанып жатат. Бир жумада бир жолу эле байланышабыз.
“Эмнеге телефон чалбай калдың?” – деп сурасам, “жумуш менен бошобой жатам” – деп коет. Чынбы же жалганбы билбейм. Азыртадан ушундай болуп жатса кийин кантебиз? Унутуп коюп башка менен сүйлөшөйүн десем, колуман келбейт. Аябай көнүп алыптырмын ага.
Кайрадан мурункудай болуш үчүн кандай кылсак болот?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык.
“Кандай кылсак болот?” – деп, көптүк санда суроо берип жатасыз. Бирок бул маселе сизди эле ойлондуруп жатат. Демек бул сиздин гана көйгөй. Жигитиңизди мындай мамиле ойлондурган жок өңдөнөт.
Ал сизге жумуштан колум бошобойт, деп айтып жатыптыр. Бирок сиз ишенип же ишенбей коюшту билбей отурасыз. Эгер ал сизди алдап жатканы анык болсо, башкача суроо бермексиз. Мен аны жакшы көрөм, ал мен үчүн маанилүү, бирок ал мени алдап жатат, эмне кылышым керек? – деп сурамаксыз.
Балким жигитиңиз мамилени улантууга көңүлү жок, бирок сизге ачык айтуудан коркуп жатат. Мындай учурда, “кантсек болот?” деген сурооңуз актуалдуулугун жоготуп салат.
Балким сиз жөн гана көбүртүп жатасыз. Мүмкүн чындап эле иштеп, жумуштан колу бошобой жатат? Экөөңөр эки жыл сүйлөшүптүрсүңөр. Бул мамилени текшерүү үчүн жетишээрлик убакыт.
Сиздин өзүңүзгө болгон ишенимиңиз да төмөн окшойт. Күмөн санагандан көрө, өзүңө убакыт бөлүп, иштеп, бир нерсеге кызыгып, алдыга максаттарды коюп, аларга умтулуп жетүүгө аракет кылыңыз.
Ийгилик!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.