Көкүрөгүм сыздап ооругансыйт. Эмнеге мындай болуп жатат? Маммолог жооп берет
Күн суукта көкүрөгүм жылыбайт, сыздап ооругансыйт. Эмнеге мындай болуп жатат? Өзүм 31 жаштамын. Турмушка чыккам балдарым бар. Эмизип бүткөнүмө аз эле болду.
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатчылык. Биринчи эле сиз УЗИге түшүшүңүз керек. Эгер УЗИ бардыгы таза деп көрсөтсө, анда кабырга арасындагы невралогия болушу мүмкүн. Кабыргалар арасындагы нерв кыпчылып калып оорутат. Балким сизде көкүрөккө кете турган нерви кыпчылып калган.
Экинчи себеби суук тийүү. Катуу үшүп калгансыз, же тердеп муздакка туруп калгансыз, же оор физикалык жумуш жасагансыз ж.б.
Эмнеси болсо да, эртерээк доктурга көрүнүңүз. Азыр аз-аздан ооруп жатса, убакыттын өтүшү менен күчөп, чыдагыс ооруга айланышы мүмкүн.
Күнүмдүк турмушта өзүңуздү жылуу алып жүрүңүз, муздак сууга колуңузду салбаңыз, суукка урунбаганга аракет кылыңыз.
Ден соолугуңузга сак болуңуз.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.