// //

Нандын күкүмүн жоготуп алып, эми апам өлүп калат деп ыйлагам

2019.11.14, 15:41
2464

Кичинебизде короодогу балдар менен ар кандай коркунучтуу окуяларга, уламыштарга жана ырым-жырымдарга ишенчүбүз. Эсимде, көчөнүн башында “л” тамгасына окшош столб бар эле. Анын ортосунан өтсөк боюбуз өспөй калат деп, коңшу көчөдөн айланып өтчүбүз. Кызык бекен? А сиз балалыгыңызда кандай ырым-жырымдарга ишенчү элеңиз? Келиңиз талкуулайбыз.

Нурсултан, программист: Аялым сулуу болсун деп жиликти таза кемирчүмүн

Жети же сегиз жашта элем. Таенемдин үйүндө той болуп жаткан. Эт бышырып отурган тайкемдин жанына келсем, мага бир жилик берди. Этин жеп бүтүп, сөөгүн кайра сундум. Тайкем сөөктө бир топ эт калганын байкап, “ай, таза кемир, кийин аялыңдын түрү суук болуп калат”, - деди. Жиликти колунан жулуп алып таптаза кылып мүлжүп таштадым. Тайкемдин боору эзилип калды. "Ай, жок дегенде каш кирпикгин калтырып койбойт белең", - деп каткырып күлдү. Эртеси досторума менин аялым сулуу болот деп аябай мактангам.

Айзирек, студент: Нандын күкүмүн жоготуп алып ыйлагам

Айылдагы кабат үйлөрдө жашачубуз. Бир күн мурун кошуна кыздан, нандын күкүмүн жерге түшүрсө, апалар өлүп калаарын уккам. Эртеси апам менен атам базарга кетти. Мени чоң энем карап калды. Балкондо оюнчук ойноп отургам. Ачка болуп кетип нан алып келип жей баштадым. Кокустан бир күкүмү балкондон ылдый жерге түшүп кетти. Тиги окуяны эстеп сыртка чуркап чыктым. Бир сааттай издедим жок. “Эми апам өлүп калат”, - деп үйгө бакырып ыйлап келдим. Чоң энем көзү тостоюп чуркап чыкты. Болгон окуяны айтып бердим. Каткырып күлүп, “аны тоок жеп кетти, апаң менен эч нерсе болбойт эми”, - деп кечке сороткон.

Жылдызай, ашпозчу: Алыска турмушка чыгайын деп, жипти узун кылып саптачумун

Кол өнөрчү ыраматылык чоң апамдын көзү жакшы көрчү эмес. Көз айнегин таппай калганда жипти бизге саптатчу. Бир жолу улам саптап бергенден тажап кетип, жибин узун кылып саптап берип койдум. Чоң энем, “кызым, ата-энеңди сагынтып алыска турмушка чыгып кетпе”, - деди. Бул сөз мага майдай эле жакты. Билбейм эмнеге, бирок, алыска күйөөгө тием деп, эмне болбосун жипти атайын узун саптап калгам. Кийин өзүбүздүн айылдагы бир жигитке эле турмушка чыктым. Азыр эстеп алып күлүп калам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим аялы экөөнө бала төрөп беришимди өтүндү

Баламды циркке алып баргандын ордуна, кир жууганым үчүн өкүнөм

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт