Кызымды кайын эжеме жаздырууга карышмын. Менсиз өткөрүп албайбы?
Мен келинчегим менен ажырашып кеткем. Ортобузда бир кызыбыз бар, төролгөнүнө 10 эле күн болду. Кайын эжем кызымды өзүнө жаздырып алам, сен “отказной” жаз, деп жатат. Мен ага каршымын. Алимент төлөгөнгө макулмун, кызымды менин атымда калышын каалайм. Кабатыр болгонум, алар менсиз баланы өткөрүп алышпайбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат
Жок, ата-эненин макулдугу жок туруп, эч ким баланы өзүнө өткөрө албайт. Бул сот аркылуу жана сиздин катышуунуз менен гана чечиле турган маселе.
Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 74-беренесинин негизинде ата-эне (алардын бири) төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн, эгерде алар:
- ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен качса;
- жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;
- ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;
- балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулку боюна жана психикасына зомбулук көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;
- аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;
- өз балдарынын өмүрүнө же ден соолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;
- жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;
- бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.