// //

Күйөөм колдогондун ордуна артыма бычак сайды. Кантип кечирем?

2019.11.14, 12:34
1580

Жүрөгүмдү өйүгөн бир маселе боюнча адистен кеңеш алгым келди. Депрессиялык абалда жүрө берип кыйналып кеттим. Анда сөз башынан болсун. Үч жылдан бери балалуу болбой жүруп, үнүм кудайга жеткен окшойт, былтыр кыздуу болгом. Кызым мөөнөтүнөн эрте төрөлгөнүнө байланыштуу бир ай больницага жатканга туура келди. Байкушум, бул дүйнөгө келбей жатып, жарык жашоонун ачуусун татып, чыркырап ыйлап, күндө укол алат. Жаны кейип, ыйлактайт. Түнү менен уйку көрбөй, кызымды көтөрүп чыгам.

Ушундай күндөрү эң жакын адамым, күйөөм колдогондун ордуна артыма бычак сайды. Кызымдын жашоосу менен алпурушуп жатканда, күйөөм ойношу менен ырахатка батып, бейкапар жүрүптүр. Далилдин бардыгын ойношу өзү ватсап аркылуу жөнөттү. Аны менен кыжылдашып урушкан деле жокмун. Эмнесине урушам? Койнумда жаткан күйөөм мени ойлобосо, бөтөн аял ойломок беле?

Кызымды алып, апамдыкына кетип калдым. Артыман келип кечирим сурап, айланчыктап бир ай жүрдү. Акыры апамдын “кызым, балаң үчүн дагы бир жашап көр. Күйөөң ичпейт, чекпейт. Кызыңды атасынан ажыратпа” – деген сөзү дагы бир ирет жолдошума “шанс” берүүгө түрткү болду.

Андан бери бир жыл өттү. Көзүмду карайт, кийинтет, ичинтет, кызы үчүн бардыгын жасайт. Бирок, мен таарынычымды жеңе албай келем. Ортодо айтылбаган сөздөр бар. Анын баары мага жүк болуп жатат.

Эмнеге кыйналып жатканда колуман кармап, чекемен сылап “ыйлаба, мен жаныңдамын” деп айткан жок?

Кечире алган жокмун, кечирбейм дагы.

Кызым атасын аябай жакшы көрөт. Кайдан билсин атасы мени бир жыл мурун тирүүлөй көмгөнүн?

Ажырашсам кызымды жалгыз чоңойто аламынбы? Анткени эч кимден жардам сурагым келбейт. Ичимдегини да эч ким менен бөлүшкүм келбейт. Мүнөзүм ушундай. Бул абалдан чыгууга психолог жардам берет деп ишенгим келет. Алдын ала чон рахмат!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.11.2019, 12:35

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Оор абалга кептелип турганда жакын адамың чыккынчылык кылса, бул эки эселенген чыккынчылык. Катыңызда ооруканада өткөргөн оор күндөрүңүз тууралуу жазыпсыз. Ал учурда жакын адамыңыз жаныңызда болгон жок.

Андан бери бир жыл өтүп, сиз дагы деле кечире албай, дагы деле күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салганы жан дүйнөңүздү оорутуп жатат. Өзүңүздү жемелебеңиз. Азырынча жаратыңыз тартыла элек. Унутуу үчүн убакыт, жана реалдуу аракеттерди жасоо зарыл.

Кылган ишиң үчүн сөз менен кечирим суроо жетишсиз. Күйөөңүз ишеничке кирүү үчүн кайрадан сиздин көңүлдү табууга аракеттенсин.

Сиз андан кандай кадамдарды күтүп жатасыз? Учурда эмнени каалап жатасыз? Кандай болсо жан дүйнөмдө тынчтык орун алат?

Ушул суроолорго жооп издеп көрүңүз.

Кечирүү, таарынычты унутуу оор. Бирок бардыгын ичке сактоо андан да кыйын. Жүрөгүңүздү эзип жаткан нерселерди күйөөңүзгө айтыңыз. Ачык айтылган сөздөр ортодогу ишенимди арттырат. Унчукпай коюу, кек сактоо ооруп калышыңызга себепкер болот. Кыздуу болгонуңуздан ырахат алыңыз. Бактылуу болууга бардык аракетиңизди жумшаңыз.   

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт