ТОП 5 чыныгы эркектер тууралуу фильм
Bilesinbi.kg күчтүү, эрктүү жана чыныгы мырзалар тууралуу тасмаларды тизмектеп чыкты. Абайлаңыз, бул фильмдерди көргөндөн кийин кайра-кайра кайталап көрүшүңүз мүмкүн.
1. Кон-Тики
- Тарыхый драма, саякат.
- Улуу Британия, Дания, Германия, Швеция, Норвегия, 2012-жыл.
- Узактыгы 109 мүнөт.
Фильм саякатчы Тура Хейердалдын чыныгы окуясынын негизинде тартылган. Ал чакан кемеде достору менен Тынч океанды кесип өткөн. Тасма эрк жана кыялга болгон аракеттенүү ар кандай кыйынчылыктарга туруштук бере алаарын көрсөтөт.
2. 1 + 1
- Драма, трагикомедия.
- Франция, 2011 жыл.
- Узактыгы 112 мүнөт.
Реалдуу окуяга негизделген, социалдык статустан жана башка абалдардан көз каранды эмес, эркектердин достугу тууралуу фильм.
3. Выживший
- Триллер, драма.
- АКш, Гонконг, Тайвань, Канада, 2015 жыл.
- Узактыгы 156 мүнөт.
Ди Каприого Оскар алып келген, олуттуу жараат алгандан кийин, тоскоолдуктарды жеңип чыккан мергенчи тууралуу атактуу тасма.
4. Жизнь прекрасна
- Драма, трагикомедия.
- Италия, 1997-жыл.
- Узактыгы 116 мүнөт.
Баш каарман Экинчи дүйнөлүк согушта концлагерге жөнөтүлөт. Ал үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн колунан келген бардык аракеттерди жасайт. Өзүнүн жашоого болгон мамилеси менен адамгерчиликсиз шарттарда да жөнөкөй кубанычка орун бар экенин көрсөтөт.
5. Александр
- Тарыхый драма, биография.
- Германия, АКШ, Нидерланд, Франция, Улуу Британия, Италия, 2004-жыл.
- Узактыгы 175 минут.
25 жашында дүйнөнүн жарымын басып алган улуу башчы Александр Македонский тууралуу фильм.
«Амедиатека» сервиси MegaCom компаниясынын абоненттерине amediateka.megacom.kg сайтынан түрдүү тематикадагы жана ар кыл жанрдагы дүйнөлүк сериалдарды жана фильмдерди смартфондон, жеке компьютерден же планшеттен күнү-түнү жана чектелбеген көлөмдө онлайн көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Amediateka колдонмосун App Store же Google Play мобилдик колдонмолор дүкөнүнөн жүктөп алсаңыз болот.