// //

Жолдошум “сен акча тапкан кишисиң” деп таарынчак боло баштады

2019.11.14, 10:43
1243

Менин постумду да аноним кылып чыгарып бериңизчи, сураныч? Турмушка чыкканыма быйыл алтынчы жыл кетип жатат. Аллага шүгүр, жолдошум жакшы, жумушум жакшы.

Менин маселем кайын журт. Турмушка чыккандан тарта абысын, кайын ага, кайын энем менен чогуу турабыз. Өзүң батсаң да бала менен батыш оор экен. Кайын энем бизди бөлбөйт, же кайын агам өзү бөлүнүп кетпейт.

Кайын энем, баласын аябай жакшы көрөт, кызганат. Кээде бизди уруштуруп салат. Жолдошум да акыркы күндөрү, сен акча тапкан кишисиң да, деп таарынчак боло баштады.

Канткенде чечкиндүү жана камкор кыла алам күйөөмдү? Ортобузда кичинекей кызыбыз бар, экинчиси менен кош бойлуумун. Кээде биз менен иши деле жоктой сезилет.

Абысынымдын үч баласы бар. Үйдө ар дайым ызы-чуу. Үйдөгү ауранын айынан кыйналып кетем. Ачуумду жумуштагылардан чыгарып жатамбы, деп ойлоном. Өтө ачулуу, агрессивдүү болуп баратам.

Кандай кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.11.2019, 10:44

Виктория Исакова

Психолог

Саламатчылык!

Чоң үй-бүлөдө жашоо оңой эмес. Сиздин учурда бир нече үй-бүлө бир үйдө турат экенсиңер: кайын эне, кайын агаңыздын үй-бүлөсү, жана силердин үй-бүлөңөр. Бирге жашаш оор, бөлөк жашоого мүмкүнчүлүк жок, болуп турган кез.

Ар бир үй-бүлөнүн жеке максаты бар. Ортого кошкон материалдык салымыңар да ар башка болсо керек. Мындай кырдаалда кимдики туура, кимдики жок аныктоо мүмкүн эмес. Чоң үй-бүлөңөрдүн ар бир мүчөсү өзүнө тиешелүү ролун ойноп жатат.

Биз силердин үй-бүлөңөр тууралуу гана сөз кылалы. Ортоңордо балаңар бар, буюрса экинчисин да күтүп жаткан кез экен. Демек жолдошуңуз экөөңөрдүн ортоңордо эмоционалдык байланыш бар. Ал байланышты колдоп, коргоп, кам көрүп туруу керек.

Бирге убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк тапкыла, үйдөн сырткары чыгып, бирге сейилдеп тургула, келечекке пландарды кургула, бири-бириңердин сезимдериңерди, абалынарды кызыгып сурап тургула, кичинекей кызыңар, болочок наристеңер жөнүндө сүйлөшкүлө.

Сиз да күйөөңүз да эмоционалдык комфортко муктаж. Экөөңөр тең бири- бириңерге нааразы болуп турсаңар, маанайыңар бузулуп, суз мамиле жасай баштайсыңар. Көңүл калуулар ортодогу ажырымды пайда кылат. Бири-бириңерден алыстай түшөсүңөр.

Андан тышкары, кош бойлуу учурунда аял кишинин гормоналдык фону туруксуз болот. Сиз да кичинекей эле нерсеге ачууланып, ашыкча эмоционалдуу болуп жатсаңыз керек.

Жолдошуңузга бул убактылуу нерсе, төрөттөн кийин бардыгы калыбына келе турганын түшүндүрүңүз. Сизге жардам берип, колдоо көрсөтүшүн сураныңыз. Ортодогу көйгөйлөрдү бири-бириңерди күнөөлөбөй, талкуулаганга үйрөнгүлө.

Силердин башкы максатыңар, баланын жарык дүйнөгө аман-эсен келиши. Сабырдуулук башкы көзүр болсун. Жагымдуу музыка угуп, өзүңүзгө жаккан иштерди жасаңыз. Кызыңызды эркелетип аны менен кобүрөөк убакыт өткөрүңүз.

Бактылуу болуңуз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт