// //

Ата-энем жок, эч кандай документим да жок. Кантип күбөлүк алсам болот?

2019.11.14, 10:03
906

Саламатсызбы. Кантип күбөлүк алсам болот? Өзүм 23 жаштамын. Апамды көргөн эмесмин, атам 7 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен. Мени чоң апам чоңойткон. Мектепте болгону 2 класс окугам.

Ушу күнгө чейин документим жок. Мен төрөлгөн төрөт үйүнө, мамлекеттик архивге барып көрдүм, эч жерде мен тууралуу маалымат жок экен. Кантип күбөлүк алсам болот?

Анын негизинде паспорт жасатып, башка да документтеримди алат элем. Үй-бүлөм бар. Балдарыма да документ керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.11.2019, 10:04

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу – коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатчылык. Сиздин акыбалыңызда документтер сот аркылуу гана бүтөт. Өзүңүз жашаган жерге караштуу сот бөлүмүнө арыз менен кайрылыңыз. Соттун жүрүшүндө, туугандарыңыздын, сизди жакындан тааныган адамдардын көрсөтмөлөрү керек болот. Алар чындап эле сизди тааныйт, жана сиз айткан убакытта төрөлгөнүңүздү тастыктап бере тургандар болушу керек.

Соттун чечими менен Мамлекеттик каттоо кызматына келип, арыз жазып, жаңы күбөлүк аласыз. Андан кийин башка документтериңизди да ырастап алышыңызга шарт түзүлөт.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт