// //

Уруша кетсек эле күйөөм “үйүңө кет” дей берет. Психолог жооп берет

2019.11.13, 13:49
1219

Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Күйөөм экөөбүз кээде урушабыз. Урушту өзүм чыгарам. Телефон чалсам албайт, үйгө келгенде “кайра чалып койбойсузбу, менин чалганымды көрдүңүз го” деп ачууланам. Анан эле “кет үйүңө” деп айтканы айткан. Мага ушу сөзү абдан катуу тиет. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2019, 13:49

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Чынында эле жубайлар урушканда бири-бирине жагымсыз сөздөрдү көп айтып салышат. Жарашкандан кийин деле ал сөздөр улам эске келип, адамдын көңүлүн оорутат.

Күйөөңүз үйдөн кет деп бир нече жолу айткан экен. Жарашкандан кийин эмнеге мынтип айтаарын кызыгып сурап көрдүңүзбү? Ал чындап эле кетип калышыңызды каалайбы же жөн гана коркутуп жатабы?

Күйөөңүздүн мындай кылганы манипуляцияга окшош. Башкача айтканда сизге катуу тиерин билип туруп, атайы айтып жатышы мүмкүн. Ар бир үй-бүлөдө түшүнбөстүктөр болот. Бирок экөөңөр урушуңардын себебин аныктап, аны жоюууга даярсыңарбы? – кеп ошондо.

Мен сизге эки вариантты сунуштайм:

  1. Экөөңөр чогу отуруп алып, ачык сүйлөшүп, жакпаган нерселерди дароо билдирип, конфликти жайдары сүйлөшүп чечип алууга умтуласыңар. Мындан ары “үйдөн кет” деген сөз такыр айтылбайт, деп убадалашып аласыңар.
  2. Же болбосо экинчи вариант. Күйөөңүз чындап эле кетип калышыңызды каалап жатса, анын тилегин ишке ашырасыңар.

Ар бир адам өзүнүн айткан сөзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек. Аркы-терки сүйлөй берген чоң кишинин кыла турган иши эмес. Күйөөңүз бул кылык-жоругун оңдобосо, өмүр бою шантаж алдында жашап өтөсүз.

Бактылуу болунуз!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт