Администратордун айлыкты бербейм деп коркутууга акысы барбы? Адвокат жооп берет
2019.11.13, 11:30
1106
Саламатсызбы. Мен шаардагы “народныйлардын” биринде иштейм. Администратор айлыгыңарды бербейм, деп коркута берет. Ошонусу туурабы? Эмне кылуу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.11.2019, 11:30
Ширин Алмозова
“Линия защиты” коомдук уюмунун адиси, адвокат
Саламатчылык. Администраторуңарга айлык акыны бербей койсо сотко кайрыла турганынызды айтыңыз. Эмгек акыны бербейм деп коркутуу негизсиз жана мыйзам бузгандык болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, эгер жумуш берүүчү маянаны берүүнү белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирсе, ар бир кечиктирилген күнү үчүн, айлыктын суммасынан 0,15%ын кошумча төлөп берүүгө милдеттүү.
Өз укугуңузду коргоп, тебелетүүгө жол бербеңиз.
0
Пайдалуу жооп