// //

Германияга бир жылдык практикага кантип кетсе болот? Канча сом керек?

2019.11.12, 16:13
3490

Жакында эле Германияга бир жылдык практикага кеткен Керемет Апсаматова менен байланыштык. Керемет bilesinbi.kg’нин окурмандарына Германияга кетүү үчүн кандай документтер керектелет жана канча сом сарптала тургандыгын айтып, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

  1. Башкысы тил билүү зарыл

Немец тилинин деңгээли В1ден кем эмес болгону жакшы. Көпчүлүк студенттер тилди окууга көп маани бербей “Греманияга жетип алсам, ал жактан үйрөнүп алам” деп үмүт кылышат. Бирок ишенип койгула, тил билүү алгач өзүңүзгө пайдалуу. Анткени жакшы сүйлөй албай, же жергиликтүү калкты жакшы түшунбөй жатсаңыз айлык акысы жогору ишке кире албайсыз. Тилди жакшы билбегендер эң төмөнкү позицияларда гана иштей алышат, бул: идиш жуугуч, пол жуугуч.

Ушунча жерге келген соң сиздин максатыңыз пол жуу болбосо керек, туурабы?

Англис тилин да билгендерге артыкчылык берилет. Бирок англис тилин гана билгениңиз жетишсиз. Жумушта кардарлар менен жана жетекчилик менен жалаң немец тилинде сүйлөшүүгө туура келет.

  1. Сөзсүз экономикалык же болбосо менеджмент жана туризм факультетинин 3-4 курсунун студенти болуу абзел

Андан тышкары сиз окуп жаткан университет Германия тараптан таанылышы керек. Аны бул жерден текшерип алсаңыз болот anabin.kmk.org

Сайтка кирип, университетиңизди таап, анын тизмекте көрсөтүлгөнүн кагазга чыгарып алыңыз (распечатка). Бул кагазды элчиликке кире турган документтер пакетине тиркеп коюңуз.

  1. Жумуш издөө

Жумушту интернеттен издеңиз. Практиканы коомдук тамактануу жайларда, кафе-ресторандарда, кофейняларда өтсөңүз болот. Негизи, аты чыккан, абройлуу компанияларга кайрылуу керек. Мисалы: McDonalds, Starbucks, Coffee Fellows ж.б.

  1. Элчиликке жазылган мотивациялык кат абдан маанилүү

Мотивациялык кат, албетте немец тилинде жазылып, Германияга бара турган себебиңизди так, даана түшүндүрүп бериши керек. Эмне үчүн практикаңызды Германиядан өткүңуз келет? Эмнеге сиз үчүн бул маанилүү. Ошол эле катта, эч убакта Греманияда калбай турганыңызды, дароо мекениңизге кайтып келээриңиз тууралуу элчиликти ишендирүүңүз зарыл.

  1. Окуган жериңизден малымкат (справка)

Малымкатты элчиликке барар алдында сөзсүз немец тилине котортуп алыңыз.

  1. Германиядан практика өтүүгө деканаттын уруксаты

Деканаттан Immatrikulationsbescheinigung (бул документти Германиядан жумуш берүүчү сизге жөнөтөт) документинин 5 көчүрмөсүнө мөөр (печать) бастыруу керек.

  1. Зачеттук китепче

Же болбосо бардык семестрлердин баалары коюлган “зачетканын” транскрипти. Эсиңизде болгондой, элчилик үчүн немец тилине котортуу керек.

  1. Германияга виза алуу үчүн 4 фотосүрөт

Өлчөмү: 3,5 см х 4,5 см

  1. Камсыздандыруу

Бир жылдык практикага алынуучу камсыздандыруунун акысы 12 000 сом. Бул сумманын 80%ы виза алынгандан кийин кайтарылып берилет.

  1. Германиянын элчилигине улуттук визаны алууга жазылуу

Элчиликке кирүү үчүн бир нече ай мурун жазылып коюңуз. Колдон келсе, немец компаниясынан иштөөгө чакыруу келери менен дароо катталуу керек (маселен мага 6 ай күтүүгө туура келди).

Элчиликке интервьюга кирүүгө уруксат алгандан кийин, визалык төлөмдү төгүү зарыл. Анын акысы болжол менен 70 евро.

  1. Банктан алынган малымкат

Банктык эсебиңизде финансылык каржат бар экенин тастыктоочу справка керектелет. Жеке эсебиңизде 25 000 сомдон кем эмес акча болууга тийиш.

  1. Элчиликке интервьюга кирүү

Элчиликте өтө турган интервьюга алдын ала даярданыңыз. Коркпоңуз, толкунданбаңыз, өзүңүздү колдон келишинче жайдары алып жүрүңүз. Берилген суроолорду кунт коюп угуп, так жооп бериңиз. Чынчыл болуңуз.

  1. Билет алуу

Визаны колуңузга алгандан кийин, самолетко билет сатып алсаңыз болот.

Виза ачыла электе билет алуунун зарылчылыгы жок. Анткени “эки тарапка тең билетим бар” деген аргументиңиз элчинин чечимине эч кандай таасирин тийгизбейт.

Андан көрө виза аларыңыз менен билет сатып алган оң. Бир айга эртерээк сатып алсаңыз да бир топ каражат үнөмдөгөн болосуз. Германияга чейинки билеттин орточо баасы 300 евро.

Мындан тышкары:

  • паспорттун жана буга чейин алган визалардын (эгер болсо) көчүрмөлөрүн
  • бардык документтердин 2ден көчүрмөсүн даярдап алгыла.

Кошумча жана актуалдуу маалыматты биздин элчиликтин сайтына кирип тапсаңыз болот bischkek.diplo.de

Германияга барууну пландаштырып жаткан жаштарга бере турган кеңешим, эч нерседен коркпогула, бардыгын так жана убагында жасагыла, максатыңызды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетиңерди жумшагыла.

Ийгилик!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
15.11.2019, 23:24

Чехияда Магистратурада же бакалаврда окуган студенттерди да чыгарасыздарбы? 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт