Оңолоюн дейм, бирок чыдабайм. Кандай ураан менен жашашым керек?
Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. Таенемдин колунда өстүм. Азыр мектепте окуйм. Өзүмдүн мүнөзүмө, кылык-жоругума түшүнбөйм. Оңолоюн дейм, бирок чыдабайм. Кичине нерсеге эле ачууланып, кыйкырчу болдум. Кандай ураан менен жашашым керек, жардам бериңизчи?
Асель Баимбетова
Психолог
Саламатчылык!
16 жаш бул өспүрүм курак, жыныстык жактан жетилүүнүн мезгили. Ошондуктан, өспүрүм балдардын көпчүлүгүндө эмоционалдык туруксуздук байкалат. Сиз өзүңүздүн ички дүйнөңүздү түшүнбөй, кыялыңызды башкара албай кыйналып жатасыз. Мындай көрүнүшкө чоочулабаңыз, бул нормалдуу нерсе.
Колдон келсе өзүн-өзү өстүрүүчү китептерди көбүрөөк окуп, интернеттен видеолорду издеп, көрүңүз. Жаңы адамдар менен таанышып, алардын жашоосуна, көз карашына кызыгыңыз. Көп нерсени билип, үйрөнүүгө умтулуңуз. Сизди шыктандырган нерселерге кызыгыңыз. Өзүңүзгө хобби табыңыз.
Өспүрүм куракта адам изденип, жашоодогу максатын таап, турмуштун чоң жолуна аттанат. Кандай ураан алдында өмүр сүрө турганыңызды сиз гана чечесиз.
Сиз сөзсүз өз жолуңузду таап кетесиз! Ийгилик!
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.