Акыркы күндөрү сиңдим менен күйөөм аябай жакшы сүйлөшүп калышты
Саламатсызбы. Күйөөм менден 2 жашка улуу. Биз бактылуу, үлгүлүү үй-бүлөлөрдөнбүз. Күйөөмдүн жеке менчик иши бар, кирешеси жакшы. Балдарыбыз бар эки уул бир кыз. Биз менен бирге сиңдим жашайт. Үй тиричиликке жардам берет, өзү да иштейт. Акыркы күндөрү сиңдим менен жездеси аябай жакшы сүйлөшүп калышты. Ишине жеткирет, кечинде кайра алып келет. Мени байкап калбасын дейби, кээде мени да жумуштан кийин тосуп ала турган болду.
Мен жөн эле шекшинип жатамбы же чындап эле ушундайбы түшүнбөй турам. Эмне кылаар айламды билбейм. Мага кеңеш бергилечи?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Күйөөңүз менен сиңдиңиздин ортосунда эмне болуп жатканын мен билбейм. Бул тууралуу бир нерсе деп айтыш оор.
Мүмкүнчүлүк болсо ар бир үй-бүлө өз алдынча жашаганы жакшы. Башкача айтканда, аялы, күйөөсү, балдары. Үйдөгү жумуштарыңызды да колдон келсе өзүңүз эле бүтүрүңүз.
Үй-бүлөгө таасир эте турган башка адамдар жаныңарда болбосо, көйгөй да азыраак болот. Биздин менталитетти эске алганда, тууган-туушкандарды кийлигиштирбей коюу, же жаныңа жашатпай коюуу оор дечи. Бирок колдон келишинче ошого умтулуу керек.
Эгер андай мүмкүнчүлүк такыр болбосо, анда күйөөңүз менен ачык сүйлөшүңүз. Сезимдериңизди, санааркап жатканыңызды билдириңиз. Сиңдиңизге болгон дистанцияны сактап, алыс жүрүшүн сураныңыз.
Бул маселени чечүүгө дараметиңиз жетет. Ийгилик каалайм!
Психолог Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.