3G менен 4G бири-биринен эмнеси айырмаланат?
Баарыбыз эле 4G 3Gга караганда мыкты иштейт экенин билебиз. Бирок, "Эмне үчүн?" деген суроого жооп бере албайбыз. Бүгүн биз силерге бул экөөнүн айырмасын айтып беребиз.
G - англис тилинин "generation" деген сөзүнөн кыскартылган, кыргызча "муун" деген маанини билдирет.
3G (мобилдүү байланыштын үчүнчү муундагы технологиясы) - интернетке жогорку ылдамдыктагы мобилдик кирүүнү жана радиобайланышты бириктирген кызматтардын жыйындысы. 3G’нын маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы 3,6 Мбит/с. Бул сайттардын баракчасын жана сүрөттөрдү бат жүктөп, онлайн режимде видео көрүүгө мүмкүндүк берет.
Мобилдик интернетти 3G’га караганда ылдамыраак кылуу үчүн 4G жаратылган.
4G (мобилдүү байланыштын төртүнчү муундагы технологиясы) - талаптары жогору болгон мобилдик байланыш мууну, буга маалыматтарды өткөрүү ылдамдыгы 1 Гбит/с технологиялар кирет. 4G’ны колдонгондо сайттардын баракчасы бат жүктөлөт, сапаты мыкты мобилдик видеолорду көрө аласыз жана оюн ойноп жатканда телефон катып калбайт.
Телефон сатып алып жатканда 4G тармактарында иштей алабы же жокпу, жакшылап көңүл буруу керек. Себеби мындай смартфондор жогорку ылдамдыктагы мобилдүү интернет менен камсыз кыла алат.