// //

Ушинтип айтсам болмок, деп өзүмдү жемелей берем. Бул нормалдуубу?

2019.11.11, 12:36
1184

Мен 18 жаштамын. Жалгыз калган учурда ойго чөмүлүп, өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Бирөөгө айта турган сөзүмдү алдын ала даярдайм, же тескерисинче, мурунку диалогду эстеп “ушинтип айтсам болмок, мынтип жооп берсем болмок” дейм. Мен муну атайын кылбайм, жакында эле башталды деп да айта албайм. Бала кезимен эле бар.

Өзүм менен сүйлөшкөнүм нормалдуубу? Психикалык ооруга жатпайбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.11.2019, 12:37

Виктория Исакова

Психолог

Кутман күн!

Сиз менен болуп жаткан нерселер нормалдуу, психикалык ооруларга эч кандай тиешеси жок. Болгону сиз ар бир жасаган кадамыңызды жиликтеп чыгат экенсиз. Болгондо да, негативдүү көз караш менен. Менин сизге бере турган кеңештерим төмөнкүдөй:

  1. Жаңылып, туура эмес сүйлөп алганыңыз үчүн өзүңүздү жемелебеңиз. Адам сөзсүз жаңылат, ошону менен тажрыйба топтойт, алган тажрыйбасынын негизинде өсөт.
  2. Адамдар эмне деп ойлоп калат? – деген ойду такыр алып таштаңыз. Ар бир адамдын өзүнүн жолу бар. Сиз жөнүндө эмне деп ойлогону маанилүү эмес.
  3. Жасаган, кылган иштериңизге өкүнбөңүз. Демек сизде ошол учурда башкача кылганга же башкача жооп бергенге мүмкүнчүлүк болгон жок, ошол учурда андай ой келген жок.
  4. Өзүңүздүн уникалдуу адам экениңизди кабыл алыңыз. Сиздей киши бул дүйнөдө жок. Эч качан болгон эмес жана келечекте да болбойт.
  5. Күндө жатаарда өзүңүздү мактаганды унутпаңыз. Мактай турганга бир себеп табыңыз.
  6. Өзүңүз менен сүйлөшүүнү уланта бериңиз. Кээде акылдуу адам менен баарлашкың келет да, туурабы?

 Бактылуу болуңуз!

 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт