Нике түндөн кийин 3 күн бири-бирине жакындабаш керек деп айтылат экен. Эмнеге?
Саламатсызбы. Нике түндөн кийин 3 күн бири-бирине жакындабаш керек деп айтылат экен. Үч күнгө жетпей жакындап койсо эмне болот? Ден соолукка зыяны барбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Бул тыюу биринчи жолу жыныстык катнашка барып, кыздык белгиси катуу жаракат алып, көп кан кетип, жыныстык кыны шишип же оорутуп жаткан кыз-келиндердин күйөөлөрүнө тиешелүү. Мындай учурда кайра калыбына келүү үчүн убакыт керектелет жана жыныстык катнашка барбай турган оң.
Ал эми нике түнү жагымдуу маанайда өтүп, келин эч кандай ооруксунууну сезбесе, жыныстык катнашка барууну кааласа, анда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.
Кыз-келиндердин ден соолугуна аяр мамиле кылыңыз!
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.