// //

Жыныс мүчөнү кычыштырып, интимдик ден соолукка зыян келтирген алты адат

2019.11.09, 13:06
4698

Салам достор! Бүгүн биз  жыныс мүчөнү кычыштырып, суюктуктун бөлүнүп чыгуусун (выделения) пайда кылган күнүмдүк адаттар жөнүндө айтып беребиз. Эгер сизге булардын бирөөсү тааныш болсо, дароо арылыңыз.

  1. Синтетикалык ич кийим

Синтетикалык турсийлер – баасы арзан, ыңгайлуу, сырткы көрүнүшү кооз. Бул турсийлер табигый материалдан жасалган, алсак жибек ич кийимге караганда бир кыйла арзан. Бирок, табигый кездемелер териге дем алуу мүмкүнчүлүгүн берсе, синтетика денени бул мүмкүнчүлүктөн ажыратат, “парник эффекттин”  жаратат, турсийиңизде патогендүү миклофлора жакшы көргөн нымдуу чөйрө пайда болот, бактериалдык вагиноз жана тери ооруларынын риски жогорулайт.

Бул тыкыс ич кийимдерге да тиешелүү.

  1. Күнүмдүк прокладкалар

Аталышы айтып турса да, күнүмдүк прокладкаларды күн сайын колдонбогон оң. Жакшысы, баш тартып эле коюңуз, алардын жалгыз гана максаты – турсий менен жыныс мүчөдөн бөлүнүп чыккан вагиналдык суюктук ортосунда көшөгө болуу. Буга кошумча, бул прокладкалар абаны өткөрбөй, нымдуулукту жогорулатып, инфекциялардын жайылышына себепкер болот. 

  1. Интимдик гигиена үчүн косметикалык каражаттар

Адамдар жыныс кынындагы ар кандай жыттардан арылуу үчүн түрдүү каражаттарды колдонушат: жөнөкөй самын, интимдик гель ж.б. Бирок, жыныс мүчөнүн жыты – нормалдуу жана табигый эле нерсе (кээде гана коркунучтуу). Интимдик гигиенаны сактоо үчүн кадимки суу жетиштүү.

Косметикалык каражаттар аллергияны козгоп, табигый микрофлорага таасирин тийгизет.

  1. Жыныс кынын жуу

Вульва – жыныс мүчөнүн сырткы бөлүгү: жыныс эриндери, клитордун башы, кындын кириши, ал эми жыныс кыны – жыныс мүчөнүн ички бөлүгү. Вульваны күнүнө 1-2 жолу жууш керек болсо, жыныс кынына такыр кол тийгизбөө зарыл. Табигат баарына алдын ала кам көрүп койгон, жыныс кыны өз алдынча эле тазалана алат, жыйынтыгында вагиналдык суюктук бөлүнүп чыгат.

Самын, суу же интимдик гелдерди колдонуу, жыныс кынындагы микрофлораны өзгөртүп, анын коргонуу функциясын төмөндөтөт.

  1. Сүлгүнү убагында алмаштырбоо

Интимдик гигиена үчүн өзүнчө сүлгү болушу керек, аны 2-3 күндө бир башка кирлерге кошпой жууп туруу зарыл. Себеби, сүлгү менен жыныс мүчөнү аарчып жатканда ага нымдуу чөйрөдө активдүү көбөйгөн бактериялардын бир бөлүгү өтөт. Сүлгүнү бат-баттан жууганга убактым жок десеңиз, анын ордуна бир жолу колдонулуучу кагаз сүлгүнү пайдалансаңыз болот – бирок, курамына жана текстурасына жакшылап көңүл буруңуз: алар катуу жана ароматизор кошулган болушу мүмкүн.

  1. Прокладка жана тампондорду убагында алмаштырбоо

Тампон жана прокладкалардын инструкциясында, эмне үчүн экени айтылбаса да, аларды 4-6 саатта бир алмаштырып туруу сунушталат. Ал эми кээ бир тампон өндүрүүчүлөр сегиз саат колдоно берсе болоорун да айтышат. Тампон жана прокладкалар – бактериялардын көбөйүшү үчүн ыңгайлуу чөйрө болуп саналат.

Ошондуктан, аларды нормада көрсөтүлгөндөй 4-6 саатта бир алмаштарып, эч качан түнгө калтырбаш керек ( “түнкү” деп жазылгандарын дагы).

Маалымат бул жерден алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
09.11.2019, 22:54

Туура. Бирок кошумча - азыр абаны откоргон кунумдук (жана менструация учун дагы) прокладкалар сатылып калган коп олколордо, бизде барбы жогун сурап билиш керек. Анан дагы, жыныстык кынга катнаш учурунда салынуучу спермицид (бойго бутурбоо учун) свечалар менен гель/спрей/мазьдар дагы зыян, флораны бузуп сезгенуу, суюктук, кычышууга алып барат. Презервативдин жасалган материалы же лубриканты дагы ушундай аллергия сезгенууго алып келиши мумкун. Андыктан эркектер бойго бутурбоо бул аялдын иши деп мерезденбей, башка турлорун изилдеп, озуно жоопкерчилик алып, айбан эмес адам болгондой мамиле жасашы керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт