// //

Достукту далилдеген жана начарлаткан 5 белги

2018.02.05, 13:31
4561

Киши бактылуу, эгер чыныгы досу бар болсо ” деген жакшы сөз бар. Көпчүлүк адамдар чыныгы достук эркектерде болот деген тыянак чыгарышат дагы, кыздардын арасында достук болбойт деп эсептешет. Чынында эле кыздар арасында чыныгы достук болобу, болсо кандай белгилер менен далилденет жана кайсыл учурларда начарлайт деген суроого Москва Гештальт институтун бүтүргөн психолог Гүлмира Молдокулова жооп берди.

Кыздардын арасындагы чыныгы достуктун белгилери:

  • Биринчи белги. Жалпы кызыкчылык. Көп нерсеге окшош көз караш. Жашоого болгон баалуулуктары, кызыкчылыктары бирдей болсо. Бири-бирине кыял- жоруктары окшошсо жана жакса. Анда мындай достук ийгиликтүү жана түбөлүктүү болот.
  • Экинчи белги. Пикир алышуу. Кыздар үчүн өзгөчө бул баарлашуу, жаңылыктарды бөлүшүү болуп эсептелинет. Кээде жөн эле олтуруп, кофе же чай ичип алып сүйлөшүү дагы достук үчүн маанилүү.
  • Үчүнчү белги. Сыр бөлүшүү. Сырларды бөлүшүү жакын достордо болуучу сапат. Ага жашооңдо болуп жаткан сүйүнүчтөгү, кайгыдагы сырларыңды айта аласың, себеби сен ага ишенесиң. Эгер досуң ал сырды сактай албай бирөөгө айтып койсо анда достукта жарака кетет.
  • Төртүнчү белги: Кеңеш жана жардам берүү. Достун сага, сенин ага чын жүрөктөн кеңеш жана жардам бергениң. Дос деген баарынан кеңеш менен жардамды күтө бербейт, дос досунан күтөт. Айттырбай жардам сунуу, кеңеш айтуу достукту бекемдейт.
  • Бешинчи белги: Чогуу убакыт өткөрүү. Көпчүлүк убакта бирге болуу. Биргеликте үй тапшырманы аткаруу, сейил бактарда сейилдөө, чогу кийим-кечек сатып алуу. Убакытты курбуга арноо, чыныгы достукка кадам шилтөө.

Качан достук бүтөт же начарлайт:

  • Кыздардын бирөөнө эле керек болгон жолугушуу.Качан гана достордун бирөөндө көйгөй жаралып, досуна кайрылышы. Курбуңдуң шарты барбы, кандай жашоодо жашап жатат мына ушуларга кызыкпай, керек учурда кайрылганы.
  • Көрө албастык. Эки кыздын ар кандай социалдык жагдайда жашашы бири-бирине көрө албастык пайда кылат. Ушундан улам бири-бирине терс энергия чогула берип, мамиленин бузулуп калышына алып келет.
  • Турмуш жолуна аттануу. Эгерде кыздардын бирөөсү турмушка чыкса достукту сактап калуу кыйын болот. Анткени үй-бүлөлүү кызда башка кызыкчылыктар, кам көрүүлөр, үй жумуштары пайда болот дагы дос үчүн убакыт бөлө албай калат.
  • Сатып кетүү. Мамиленин бузулушуна көөбүнчө сенин досуңдун сенин жолдошуң же жигитиң менен жакындашып кетиши. Мындан тышкары дос өз кызыкчылыгын колдоп сени сатып коюуусу.
  • Моралдык принциптерге ылайык болбогон иштерди кылса.

Эстен чыгарбоо керек: Баардык мамилелерди чыңдоо үчүн анын үстүнөн иштөө абзел. Эч качан күтпөгүлө досум качан жардамга кайрылат деп. Ал мага жардам берген жок дебей, колдон келсе алдын алып жардам, кеңеш берип коюу жакшы сапат. Анткени кээ бирөө досунан да жардам сурай албайт, уялат, тартынат, тоскоолдук жаратып коем деп ойлойт.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт