// //

Боюмда бар, бөйрөгүм ооруп жатат. Бал сүйкөсөм болобу? Гинеколог жооп берет

2019.11.06, 12:00
2574

Саламатсызбы 3-4 жумалык боюмда бар. Бөйрөгүм ооруп кыйналып жатам. Таза асалдан 2 маал сүйкөсөң жакшы болот деп жатышат. Сүйкөсөм болобу? Балага зыяны жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.11.2019, 12:01

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Балдын бөйрөккө эч кандай тиешеси жок. Бөйрөк ооруп жатса дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырып, УЗИге түшүү керек.  

Боюңда бар кезде бөйрөктүн тынымсыз ооруганы сезгенүү процесси башталгандын белгиси болушу мүмкүн. Дароо дарыгерге кайрылуу керек. Гинеколог анализге багыттама жазып берип, нефрологго көрүнүүгө жөнөтөт.

Адистер кош бойлуу кезде ичүүгө уруксат берилген антибактериалдык препараттардан турган дарылоо курсун жазып беришет.

Кош бойлуу келиндердин арасында бөйрөк ооруларынын ичинен эң көп кездешүүчү оору  бул - пиелонефрит. Анын симтомдору төмөнкүдөй:

  • бел же белдин капталы ооруйт;
  • тамака болгон табити жоголот;
  • дененин температурасы котөрүлөт;
  • заара кылганда кыйналат;
  • жүрөк айланып кусат;
  • ашыкча тердейт.

Пиелонефриттин коркунучтуу жагы мөөнөтүнөн эрте төрөткө, же баланын организмдеги токсиндерге ууланып, калыптануусундагы кемтиктерге алып келиши мүмкүн. Эгер ооруну өз маалында аныктап дарылабаса өнөкөт формага өтүп кетет.

Ден соолукта болуңуз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт