Апам окууңдун бир тыйын пайдасы жок деп айтканы көңүлүмдү оорутат
Саламатсызбы. Өткөн жылы атайын орто окуу жайын бүтүргөм. Билимимди жогорулатуу максатында университетке өткөм. Учурда 2-курстун студентимин. Окуганга кызыгам, келечектеги максаттарым чоң, көп ийгиликтерге жетишким келет. Бирок булардын баарына апам каршы.
Билбейм, өзүбүзгө ток үй-бүлө болгон үчүнбү, же болгон көз карашы ушундайбы. Окуганымды такыр жактырбайт. “Окуп эле министр болот белең?!”, “Сенин окууңдун бир тыйын пайдасы жок мага”, “Сыртка чыгып тигини кыл, муну кыл!” – деп тилдей берет. Болбогон иштер менен эле жумшай берет.
Акчасы кетип кыйналып жатат дейин десем, андай деле эмес. Апамдын эч нерсеси кетпейт. Мени атам окутат. Каражат жагынан кыйналбайбыз. Жакшы турабыз.
Апам өмүрү айылдан чыкпаган түшүнүгү төмөн киши. Улам жаңы кийим кийип турса, ошол эле жетишчүдөй. Мени менен иши да жок.
Кээде өзүмө болгон ишенимим азайып, чын эле окуунун эмне кереги бар, деп ойлоном.
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн.
Сиздин жашооңузда чоңоюп, өз алдынча инсан боло турган мезгил келиптир. Психологияда “эмоционалдык сепарация” деген түшүнүк бар. Бул ата-эненин көз карашынан, алардын принциптеринен чыгып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, өз алдынча чечим кабыл алууга үйрөнүү дегенди билдирет. Бул адамдын калыптануусунда абдан маанилүү этап.
Чоң адамдын жеке ой-пикири, келечекке болгон пландары болот. Анын пландары жана ойлору ар-дайым эле ата-энесиникине шайкеш келе бербейт. Албетте, ата-энең колдоп турганы эң сонун. Бул чоң бакыт. Сизди колдогон атаңыз бар экен. Демек иштериңиз жаман эмес.
Алдыга койгон максатыңыз, кыялдарыныз бар экен. Колдоо көрсөтө турган атаңыз бар. Башкасына көңүл бурбай, алдыга жыла бериңиз.
Апаңызга жайдары отурганда баладай тулдуңдап эмес, чоң киши сүйлөгөндөй түшүндүрүп бериңиз. Эгер кенедей балага окшоп, актанып сүйлөсөңүз, апаңыз сиздин алсыздыгынызды сезип өктөм сүйлөйт.
Окууңузга ийгилик каалайм!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.