// //

Күйөөм алиментти төлөбөй жатат. Кимге кайрылсам болот?

2019.11.05, 15:22
1584

Саламатсызбы? 2014-жылы күйөөмдөн үч балама алимент кырктыргам. Убагында төлөбөйт, үч айда 3500 сом салат. Негизинен 2014-2017 жылга чейин үч балага 3500 сом болгон, ал эми 2017-2018-жылы орточо айлык акы менен үч балага 5800 сом өндүрүлгөн. Ушул убакка чейин төлөгөн эмес, сот аткаруучуга барсам, төлөп жатканын айтты. Мурда алиментке көп маани берген эмесмин, азыр экинчи топтогу майып болгондо гана үч балама тапкан кирешем жетпей калды. Кимге кайрылсам болот?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.11.2019, 15:23

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Алименттин суммасын кайрадан эсептетүү керек экен. Сиз кайсы айларда, канча сом карызы бар экенин эсептеп бериңиз деп сот аткаруучуга  арыз жазыңыз. Сот аткаруучу сизге жазуу түрүндө эсептеп береши керек. Ал эсепти алгандан кийин, кайра эле сот аткаруучуга, күйөөм карызды бербей жатат, эсеби мынча, мыйзамдуу чара көрүү боюнча, ишти күч органдарына өткөрүп бериңиз деп арыз жазасыз.

Эгер сот аткаруучу жумушун аткарбаса, анын үстүнөн сот аткаруучулардын жумушун караган соттук департаментке арыз менен кайрылсаңыз болот. Алар сот аткаруучунун кантип иштеп жатканы боюнча чара көрүшөт. Сот аткаруучу алиментти өндүрбөй жатканы боюнча жооп берет. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт