// //

Жер сатып алайын десем, сатуучу документтерин көргөзбөй жатат

2019.11.05, 14:29
1035

Саламатсызбы! Атамдын байкесинин аялы бизге жерин сатып жатат. Ал жер айылда, биздин огороддун сыртында жайгашкан. Аял өзү шаарда жашайт. Айылга барып убара болбой, шаардан нотаирус аркылуу өткөрүп берерин айтты. Жердин документтери толук эмес окшойт. Документтерди бериңиз, адиске көрсөтүп көрөйүн десем, болбой койду. Эгер ал жерди Бишкектен нотариус аркылуу өткөрүп алсам, ээси болуп каламбы? Акчам күйүп кетеби деп кабатыр болуп жатам.

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.11.2019, 14:31

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Урматтуу окурман! Сиз жашаган аймагыңыз боюнча Мамлекеттик каттоого барып, жердин дарегин айтып, ошол адамдын атында жер барбы же жокпу деп тактасаңыз болот. Эгер бар болсо, бар, жок болсо, жок дешет.

Аял сизге нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жазып берсе, сиз анын атынан жерге документ жасатып алсаңыз болот. Жасатып бүткөндөн кийин ал аялдын атынан жерди өзүңүздөн башка бир адамга сата аласыз. Бирок, бул жерде ал аялдын никеси барбы же жокпу караш керек. Анткени жерди сатып жатканда жер ортодогу жалпы мүлк болсо, жубайлардын бирөөсүнүн дагы уруксаты керек болот.

Биринчи сиз Мамлекеттик каттоого барып тактаңыз. Бишкектен өзүңүзгө өткөрүү үчүн да документ керек. Кыязы, ал аял нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат жазып берем, анын негизинде жерди өзү каттап алат деп ойлоп жатса керек. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт