// //

Мен үй-бүлөлүү эркек болгонду үйрөндүм. Мага бул тууралуу эч ким айткан эмес

2019.11.01, 17:37
1777

Мен үй-бүлөлүү эркек болгонду үйрөндүм. Бул китепте жазылып, же кинодо көрсөтүлгөндөй эмес экен. Мисалы, буга чейин мага үй-бүлө бул ак көйнөк, той, ар дайым сүйүп карап турган көз караш деп ойлочумун. Көрсө, үй-бүлөгө дүкөнгө барып азык-түлүк сатып алуу, электр энергиясына келген эсеп-дүмүрчөктөр боюнча төлөө, үй-бүлөлүк бюджетти бөлүштүрүү, түнү менен уктабай бала багышуу да киргенин түшүндүм.

Көрсө, үй-бүлөлүк жашоо - бул жашоо мектеби экен.

Үйлөнгөндөн тартып көп нерсени үйрөндүм, мык каккканды, обои чаптаганды, кир жууган машинаны оңдогонду. Ойлонуп көрсөм, электрик же сантехник болуп иштеп, “шабашка” кылсам болчудай экен эми.

Көрсө, аялың, бул түбөлүктүү ойнош, сүйүү периси, үй-кызматкери эле эмес, көшөгө артында турган жетекчи экен. Байкасам, экөөбүз чогу кабыл алган олуттуу чечимдердин бардыгын ал өзү эбак эле чечип койгон. Анан шашпай, качан мен ал белгилеп койгон ойго келеримди күтүп отурат экен.

Акылдуу аял бул жөн гана толтура билим, идея камтыган китепкана эле эмес, ар дайым бир жерге отургузбай мотивация берип турган киши экен. Отурба, эс алба, жатып алба, кыймылда, оокат кыл, андан ары өнүк, бул жеткен чек эмес. Сен, биз мындан чоңураак, көбүрөөк, жакшыраак нерсеге татыктуубуз, деп какшап турган жан.  

Аялыңан кыйын мотиватор жок бул дүйнөдө.

Ишенип койгула. Мен көптөгөн китептерди окудум, лекцияларды уктум: Кийосаки, Грейс, Робинсон. Бирок аялым мага жеткире сүйлөгөндөй эч ким түшүндүрүп, маалыматты бере алган эмес. Колунан бир нерсе келбей жатса, демек сенде мотивация жетишсиз.

Бир жолу тутандырып коюп, өмүр бою анын жылуулугуна жылынган сүйүү болбойт экен. Өмүр бою сүйүү деген сөз, бул жыл өткөн сайын жаңыдан, кайрадан сүйүп калуу. Сүйүү отуна улам отун таштап, улам жандандыруу. Таарынычтар, түшүнбөстүктөр, көз жаш, уруш-талаш болгонуна карабастан, кайрдан сүйө берүү.

Кечире албаган кекчилдердин жан дүйнөсүндө сүйүү жашай албайт.

Бирок таарынычтын жүгүн кое берип, жашоонун түрлүү боекторуна көңүл буруп суктана билген адамдын жан дүйнөсүндө түбөлүккө жашайт.

Үйлөнүп жатып, өмүрлүк жар, жеке психолог, мыкты дос, кеп-кеңеш бере турган акылман жана эркелей турган кенедей баланы бир аялдан табарымды билбептирмин. Бул жашоодо мени эч ким түшүнбөйт деп отурганда, аялым келет, сүйлөгөнүмдү угат, анан бардыгын түшүнөт.

Мен мурда жазуучу Булгаковдун “Сүйгөн киши, сүйүктүүсүнүн тагдырын бир бөлүшөт” деген сөзүнө көп маани берчү эмесмин. Эми гана түшүнүп жатат окшойм. Сүйгөн киши ар дайым сүйгөн адамынын кайгысын тең бөлүшөт.

Бакытлуу үй-бүлөнүн формуласы - бул бири-бирине төп келишкен адамды табуу жана ишеним менен сый-урматтын негизинде мамиле куруу.

Күйөөсүнө ишенген аялдын маанайы жайдары болот, ал эртеңки күнүнө кам санабайт. Ошол эле учурда алдыга түртүп, сүрөп, колдоп турган аялы жок эркек, эртеңки күнүн ойлобой жүрө берет экен.

Кам көрүү баалуу белектен да кымбат. Кадимки кол кармашуу, кучакташуу, жүзүнөн сүйүү кинодогу сүйүүдөн да көрктүү.

 

Автору, Вячеслав Прах “Ата-энебиз бизге айтпаган сөздөр”

Маалымат интернеттен алынды

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт