// //

Жоголгон күйөөм ЗАГСта тоюна камынып жүрүптүр

2019.10.31, 15:47
5137

Бирге түтүн булатып келатканыбызга кырк жыл болду. Аттиң, эмнелер гана баштан өтпөдү. Кээде дале чогуу жашап келатканыбызга ишене албай кетем. Кечээ эле мөлтүрөгөн жапжаш улан – кыз элек. Эми минтип, чачыбызды ак, бетибизди бырыш баскан чоң ата, чоң энебиз.

Бардык кыялдарым орундалды деп айткым келет, бирок, жүрөгүмдүн түпкүрүндө чаң баскан бир кыялым ишке ашпай калган.

Неберем мага жанагы инстаграм деген балекетти үйрөтүп койгон. Бош убактымда кирип, ар кимдин жашоосуна көз жүгүртөм. Күндөрдүн биринде үлпөт көйнөгүн саткан дүкөндүн баракчасы чыгып калды. Дароо кирдим. Мына, кыялымдагы аппак көйнөктөр, биринен-бири өткөн сулуу. Эх, тоюмда сөзсүз ак көйнөк кием дечү элем. Андай болбоду.

Абылгазы экөөбүз шашылып үйлөнгөнбүз. Ата-энебиз жашсыңар деп жакшы эле чырылдады. А сүйүү деген балекет бизди дүлөй кылып койгон. Сессиябыз бүтөөр замат, түнкү саат экиде Абылгазынын айылына жолго чыктык. Он чакты курсташтарыбыз коштоп алган. Кайын-журтума кабар жеткенине аз эле болуптур. Таң атпай кирип барсак, мал жаңы союлуп, боорсок ачытылып жаткан экен.

ЗАГСка ак көйнөк кийип чыгайын дегем, бирок эшикте эрте жаз, көчөлөр балчактап ылай. Айла жок маасы кепич менен чыктым. Анан да, үч саатка жоголгон Абылгазы ак көйнөк таппай койгонун айтып келген.

Ошондо, кыялымдын орундалбай калганын жоктоп башкача ыйлагам. Абылгазынын “сенин алдыңда күнөөлүмүн” дегени дале эсимде.

- Апа, силер атам экөөңөр үйлөндүңөр беле?

- Ооба, аны эмне сурап жатасың?

- Ак көйнөк кийген сүрөтүңүз жок дейм да.

- ...

Балдарым кичинесинде эмнеге ак көйнөк кийген жоксуз деп сурап, жарама туз себишчү. Ар кандай шылтоолорду айтып кутулаар элем. Абылгазы бул темада сөз башталганда сыртка чыгып кетчү. 

Айылда турабыз. Абылгазы машинасына тетик алганы шаарга кеткен. Бүгүн келем деген боюнча жок. Эмне болду экен деп түнү менен уктабай чыктым. Телефону өчүк. Балдарыма чалсам, “достору менен майрамдап кетсе керек”,-деп, баары бейкапар. Эртең менен үйдөгү телефон шыңгырады.

- Алло, Абылгазы Жусуевдин үйүбү? (аялдын үнү)

- Ооба, сиз кимсиз?

- Шаардык ЗАГС бөлүмүнөн чалып жатам, Абылгазы Жусуев бүгүн саат үчкө тоюн белгилеген, эскертип коелу дегенбиз.

- Йа, эмне дейт?

- Саламатта калыңыз!

Балдарыбыздын баары үйлөнүп-жайланган. Эмне болгон той? Тамашалап жатышабы? Абылгазынын телефону дале өчүк. Ачуум менен шаарга жөнөдүм. Такси ЗАГСка келип токтоду. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Абылгазы костюм шымчан, колуна гүл кармап турат.

Машинадан түшүп баратып бутумда шлепка экенин байкадым. Үйдөн чыгып жатканда шашып, бут кийимди алмаштырбай калыптырмын.

Абылгазы мени күлүп карап турат. А мен муштумумду түйүп басып баратам. Жетейин деп калганда, кайдан-жайдан шарик, гүл көтөргөн балдарым пайда боло калды. Баары бутумду карап күлүп жатышты. Абылгазы жаныма басып келип:

- Майрам, бүгүн биздин баш кошконубузга кырк жыл болду. Ушул күнү сен ак көйнөк кийип ЗАГСка чыкмаксың. Бирок, андай болбой калган. Билесиңби, сени алып жатканда кыялдарыңды орундатам деп сөз бергем. Майрам, кеч болсо да, кыялдар орундалышы керек.

- Мммен, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун.

- Баарын азыр түшүнөсүң, - деп, кыздарыма баш ийкеди. Алар кыялымдагы ак көйнөктү алып чыгышты. Мына сага сюрприз!

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
31.10.2019, 15:53

Сонун го... 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт