Жыныстык катнашта болгон эмесмин, бирок тез дүүлүкчү болдум. Бул нормалдуубу?
Ассалам алейкум. Жашым 22де, бойдокмун, жыныстык катнашта болгон эмесмин. Негедир акыркы кезде болбогон эле нерселерге дүүлүгө турган болдум. Өзүмдү өзүм эч качан канааттандырбайм.
Бойдок эркек үчүн бул нормалдуубу? Же ден соолугумда кандайдыр бир көйгөй барбы?
Азат Бейшенов
Уролог
Алейкум ассалам. Бойдок эркектер үчүн мындай өзгөрүүлөр күтүлгөн нерселер. Жыныстык катнаш башталгандан кийин бардыгы өз ордуна келет.
Өспүрүм курактан тарта адамдын организми ырахат алууга муктаж боло баштайт. Мындай учурда мастурбациянын эч кандай зыяны жок. Өзүн канаттандыруудан качкан учурда эротикалык түштөр кирет. Ошондо эркектерде түнкү поллюциялар пайда болот.
Поллюция – бул эркектердин уругунун өз алдынча чыгышы. Көбүн эсе уктап жатканда болот.