// //

Апам аял алсаң идиштеримди өткөрүп бербейм деди

2019.10.30, 14:32
4269

Үч бир тууганбыз. Мен үйдүн кенжесимин. Эки байкем эбак эле үйлөнгөн, өз алдынча турушат. Апам менин колумда. Атам каза болгондон кийин турмушка чыккан жок. Бизди жалгыз өстүрдү.

Айзирек менен бир форумдан таанышкам. Мен издеп жүргөн кыз экенин дароо байкадым. Жогорку билимдүү, орундуу сүйлөйт, өзүнүн оюу бар. Ал учурда башка бирөө менен жүрчү. Болгон аракетимди кылып, анысын жоготтум.

- Апа, үйлөнсөмбү дегем.

- Үйлөн, кой демек белем.

- Болочок келиниңиз менен таанышасызбы?

- Таанышканды кое турчу, кимди алсаң ошону ал, болгону тиги идиштериме колун тийгизбейм, тамакты өзүм жасайм.

- Келиниңиз эмне кылат анан?

- Билбейм, мен айтарымды айттым.

Кээ бирөөлөр “келин алсам, колум узарат” деп жыргашат. А менин апам, ашкананы өзүм тейлем дегени кызык.

Айзирек экөөбүз сүйлөшүп, ашыкча чачылбай эле коюну чечтик. Туугандарды чакырып бата алдык. Ошентип, бир заматта жаңы статуска ээ болдук. Апамдын талаптарын келинчегиме айткан эмесмин. Канча ирет батындым, бирок эрким жетпеди.

Алгачкы күндөрү апам тамакты өзү жасап, идиштерди өзү жууп жүрдү. Айзирек баарын байкап турду, бирок унчуккан жок. 

- Апа, бул сонун бокал экен. Кайдан алдыңыз?

- Ыраматылык кайын атаң белек кылган.

- А бул чынынын сүрөттөрү абдан кооз экен.

- Ооба, мага да сүрөттөрү жагат.

Жумуштан келсем экөө идиштерди кармалап божурашып отуруптур. Апам эч кимге карматпаган идиштерин Айзирекке бергенине таң калдым. Унчукпай бөлмөмө кирип кеттим.

- Апа, тузун канча кошом.

- Бир кашык болот.

- Даамы баары бир сиздикиндей болбой жатат.

- Эч нерсе эмес.

- Сиз эле жасаңызчы.

- Жасай бер, ошентип акыры окшошот.

Билбейм кантип, бирок Айзирек апамды жибите алды. Азыр апам ашканага басып да барбайт. Баарын келинчегим өзү тейлейт. Идиштерди акырын коюп жатканын көргөн апам ыраазы боло жылмаят. Кээде өзү бул идиш кайда деп сурап калат. Бул учурда жубайым дароо издегенин таап берет.

- Апа, сизге эмне болду?

- Эмне болуптур?

- Позицияңыз өзгөрө түшкөнүн айтам да.

- Уулум, тиреше бергендин эмне пайдасы бар, келиним да бул үйдүн мүчөсү. Ал мага баалуу болгон нерселерге аяр мамиле жасай алаарын көрсөттү. Болгону ошол.

- Аялың акылдуу деңизчи.

- Башымды оорутпай, тур жумушуңду кылчы.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Аялыма балдарга деп алимент берсем, өзүнө пальто сатып алыптыр

Туура эмес сүйлөп алып аялыман айрылдым

Кайын эжеме жоолук берсем, "муну өлгөнгө да алып барбайт" деп ыргытып салды

Келин алгандан бери 20 жашка жашарган кайын эненин сыры

Эт жеш үчүн барасың деп, күйөөм тойго жибербейт

Тойдон тайкем жилигин жоготуп алып ызы-чуу салды

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Инимдин ашына келген коноктор конфет талашып урушушту

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Күйөөм тойго барса эле кыздарга тийише берет

Күйөө баламдын катын окуп кызымды үйүнө жөнөттүм

Күйөөмдү көчөдөн колтуктап бассам кошуналарым шылдыңдайт деген аялдын баяны

10 жашар баланын атасына жазган каты баарын ыйлатты

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт